Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кытай-Кыргыз өлкөсү беттешинин алдында маалымат жыйынга катышты.
Маалымат жыйында Крестинин эртең өтүүчү беттеш 2 командага тең кызыктуу жана оор боло турганын айтты.
"Бардык командалар Азия Кубогуна жакшы даярдык көрүүгө керектүү убакыт алышты. Эртеңки беттеш Кытай курамасы үчүн дагы, биз үчүн дагы абдан оор, ошол эле учурда кызыктуу болот деп ойлойм. Мындай беттеш командалар үчүн жеңил болбойт.
Биздин Кытай өлкөсүнүн курамасы менен беттеште кандай оюн жүргүзө турганыбыз боюнча планыбыз бар. Атаандашыбыз тажрыйбалуу жана күчтүү. Бирок биз бул беттешке даярбыз, бир топ жолдоштук беттештерди жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрдүк. Жыйындарда Азия Кубогуна катыша турган командалардан кем калбаган атаандаштар менен ойнодук", - деди Крестинин.
Белгилүү болгондой, эртең, 7-январда Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында алгачкы беттешин өткөрөт. Анда Кыргыз футболчулары Кытай курамасына каршы ойнойт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.