Ошто 3 жашар баласын депкир менен сабап өлтүргөн келинге карата соттун чечими чыкты

Ош шаарында 3 жашар баласын депкир менен сабап өлтүргөн келин 13 жылга камалды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык соту 2-май күнү баласын депкир менен сабаган А.к.Д.ны Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен күнөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты. Ал жазасын аялдардын абагында өтөйт. Чыгарылган өкүм акыркы эмес жана нааразы тарап аппеляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу. Соттолуучу А.к.Д. 1994-жылы туулган, Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын тургуну болгон. Үй-бүлөлүк абалы - ажырашкан, мурда соттолгон эмес.

Эске салсак, Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургуну өзүнүн 2 жаш 8 айлык баласын депкир менен эсинен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Кийинчерээк өздүк булактар анын сойкулук менен алектениши мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал эми дарыгерлер эсин жоготуп ооруканага түшкөн наристенин абалы оор экенин, анын денесинде ур-токмоктон калган эски тактар да бар болгонун айтышкан. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө аял баласын шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Кийин келиндин туугандары табылып, бирок аны менен байланышуудан баш тартып жатышканын Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынан билдиришкен. Кийин келиндин ата-энеси табылып, бирок кызы менен байланышуудан баш тартышканы белгилүү болгон. Бала окуя болгондон 10 күндөн кийин эсине келбей чарчап калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Ermekbai
2018-05-04 18:25:13
Көзүн ачып эле койсо болбойбу соту болдуго уже
+10
meni_kut
2018-05-04 18:41:44
Ошондо бул келин Чуйдон Ошко барганбы,акмак колун сынгыр
+1
Rifle_I
2018-05-04 18:50:47
Аябай чоң жаңылыштык. Мындай жолдон Кудай сактасын.
Мүмкүн түрмөдө акылына кирип калат.
+1
Take02
2018-05-04 19:17:24
Окунучтуу
+1
Nevestkaa
2018-05-04 20:24:26
37синде чыкса төрөттөн калган убагы болот экен,кудайымдын жазасыдыр балким.Адамдарга ыйман бер.
+1
Bazana
2018-05-05 09:01:14
Nevestkaa,45жашында тороп жатпайбы ))
0
Qwer007
2018-05-04 20:37:15
Ото окунучтуу. Менин жекече оюм бизге 2-3 аял алууга уруксат берсе, ар бир инсан адашуучу, ушуга окшогон капыстан, адашып куноо кылгандар аязар беле
-5
xnurgul_gul
2018-05-04 20:50:33
Qwer007,ошону мен дагын ойлойм бирок экоосун бирдей бага алатурган да бир молдокени билем озу 70 жылкы 91 кызды алып ачка коюп квартирасын толой албай ажырашты акыры кайра
-2
Qwer007
2018-05-04 20:38:54
Бул карындашыбыз деле тарчылыктан, жанында колдогон адам болбогондон ачууга алдыргандыр..
+1
nargiz94
2018-05-04 22:50:00
Qwer007созсуз баласын олтуруш керекби?!
Баласы майып болуп калып, куйоосу таштап кеткендер деле сабыр кылып, баласына мээрим берип жашап жургондор коп.
Т.б: Картайганда багаарын жок калганда бир сыздаарсын...эне атка татыгын жок!!!
+4
aerforce
2018-05-04 21:04:27
даже мындай акмактарга 13 жылда аздык кылат айбанда баласын коргойт тообо кылам кантип өз каныңдан чыккан баланы өлтүрдүң
+1
gordaya
2018-05-04 22:04:01
Баланын атакеси кайда экен, эки аялды коюп, ушундай оздорунун балдарын багышпайбы эркектер, бир аялды бакканга жоопкерчилиги жетпейт анан экинчини эмне кылышат экен
+6
Agata7775
2018-05-04 22:16:54
Омурун откучо балага зар болуп от.
-1
aida007
2018-05-05 08:33:41
Ото окунучтуу баланы ойлоп журогум сыздап чыкты кудай озу сактасын
0
Aitun
2018-05-05 09:51:47
Сотторго тан калам эй. Жанагы эрин жиликтегенге 16жыл берди буга 13жыл бериптир. Бир подстава менен бир тууганыбыз камалды наркотик деп бирок тууган уругунун уйунонда эч жерден тапкан жок ошону 14жылга кесип салды. Кобурок эле бербейби.
0
aksy94
2018-05-05 12:23:02
Aitun,азыр акчан таанышын болсо ошого карап эле кесип койтатко
+1
aksy94
2018-05-05 12:23:58
Таанышын болсо онду олтурсода 2жыл а жок болсо тоок уурдасан 20жылга кетип ататко
+2
qwert
2018-05-05 21:58:15
13 эмес 26 жылга соттош керек бул жырткычты адам деп айтууга болбойт бул эшекти.Наристеде не куноо байкушта.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан