2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү футбол боюнча Азия Кубогунда Кыргыз курама командасынын башкы максаты тайпалык баскычтан өтүү. Бул тууралуу Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.
"Тайпадагы атаандаштарыбыз - күчтүү командалар. Кытай курама командасынын машыктыруучусу Марчелло Липпи абдан тажрыйбалуу. Андан тышкары футбол боюнча Кытайдын биринчилигинин деңгээли өсүүдө, ошондуктан Кытай курамасы күчтүү атаандаш. Ал эми Түштүк Корея тууралуу айтуунун кажети жок, бул курама Азия өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы командалардын бири болуп эсептелет. Филиппин курамасы тууралуу айтсак, биз алар менен буга чейин 2 жолу беттеш өткөргөнбүз. 2 жолу жеңилгенибиз менен, атаандашыбыздан кем калбай туруктуу оюн көрсөткөнбүз. Азия Кубогунда жеңил болбойт. Бирок биздин максатыбыз өзгөрбөйт, тайпалык баскычтан чыгууга аракет жасайбыз", - дейт Александр Крестинин.
Эске салсак, кечээ, 4-майда Бириккен Араб Эмираттарында 2019-жылы өтүүчү Азия Кубогунун чүчү кулак аземи орун алды. Анда Кыргыз курама командасы "С" тайпасына туш келип, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курамалары менен беттешмей болду. Кыргыз курама командасы алгачкы беттешин 7-январда Кытай курама командасы менен өткөрмөкчү.