Бүгүн, 9-майда Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу жеңиштин 73 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү.
Ага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев, Бишкек мэри Албек Ибраимов катышып, Өчпөс отко гүлчамбар коюшту. Андан соң өлкө жетекчилери ардагерлерди куттуктап, бирге басып атайын уюшулган аскердик тамакка барышты.
Иш-чара "Өлбөс полк" жүрүшүнүн катышуучуларынын Өчпөс отко гүл коюусу менен жыйынтыкталып, шаар тургундарына атайын концерттик иш-чара көрсөтүлдү.