ЖЫЛНААМА, 10-МАЙ: Бүгүн 41 жашка толгон ырчы Гүлнара Калдарова: "Туулган күнүмдө гастролдоп жүрөм"

Бүгүн "Кыз-Бурак" тобунан чыккан ырчы Гүлнара Калдарова 41 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкканда, ал гастролдо жүргөнүн билдирди.

"Туулган күнүмдө чыгармачыл кесиптештерим менен Талас жергесинде гастролдоп жүрөбүз. 9-майдан 10-майга караган түнү кесиптештерим куттукташты. Күйөрмандарым да жылуу пикирлерин билдирди. Буюрса, Ошко барганда кече уюштуруп, үй-бүлөм, жакын туугандарым менен белгилейбиз", - дейт ал.

Гүлнара Калдарова 1977-жылы 10-майда Ош шаарында төрөлгөн. Атасы аскер кызматкери, апасы эсепчи болгон. Үй-бүлөдө жети бир туугандын бешинчиси. Орто мектепти аяктаган соң Ош шаарындагы музыкалык окуу жайдан билим алган. Андан кийин Ош мамлекеттик университетинин журналистика багыты боюнча билим алган.

"Кыз-Бурактын" курамына 17 жашында келип, 27 жашында топтон кеткен. 2004-жылы Мырзабек аттуу мырзага турмушка чыккан. Түгөйлөр 2011-жылы Аяна аттуу кыздуу болушкан.

10-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан