Бүгүн, 23-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Парламент Жогорку Соттун судьялыгына президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган 5 талапкердин экөөнү шайлады. Алар: Кыдык Жунушбаев жана Нургүл Бакирова. Ал эми Айдарбек Алымкулов, Ирина Воронцова жана Дамира Орозова жетиштүү добуш ала албаганы үчүн өтпөй калышты.
Депутаттар президент Жээнбеков чуулуу иштерде аты аталып, коомдо нааразычылык жараткан судьяларды кызматтан жогорулатууну сунуштап жатканын, буларды Жогорку Кеӊеш электен өткөрбөшү керектигин айтып чыгышты. Мисалы, Бишкек шаардык сотунун төрайымы, экс-депутат Аида Салянованын ишин кароого төрагалык кылган Ирина Воронцованы "Жогорку Сотко барууга моралдык укугу жок" деп сындашты.
Ушул жылы февралда Сооронбай Жээнбеков сотторду өзүм билемдикти токтотууга үндөп: "Мен соттордун ишине киришпешим керек. Бирок баш аламандык, мыйзам бузуулар болуп жатса киришпей коё албайм. Мени эл үмүт менен шайлаган. Баары боло берет деп ойлобогула! Андай болбойт! Баарына өзүм киришем", - деп катуу сүйлөгөн. Апрель айында Жогорку Соттун төрайымын кабыл алууда жарандардын сот бийлигине ишенимин калыбына келтирүү керектигин айткан. Март айында Бишкекте митингге чыккан жарандык активисттер президентке кайрылуу жолдоп, анда аталган 5 талапкерди жана судья Кымбат Архарованы Жогорку Соттун судьялыгына бекитпөөнү талап кылышкан. Өткөн аптада Соттук реформа боюнча кеӊештин жыйынында Жээнбеков элде коррупцияга баткан, адилетсиз сотторго даттануу көп экенин, учурда соттук курамды жаӊылоо жүрүп жатканын белгилеген эле. Бирок Жээнбеков чуулуу иштерде кайра-кайра аты аталып, жарандык коом жазалоону талап кылып жаткан Воронцова өӊдүү судьяларды электен өткөрүп жибергени - ажонун сөзү менен иши дал келбей жатканы.
Айта кетсек, Ирина Воронцова убагында шаардык сотто саясатчылар Нариман Түлеевдин, Ахматбек Келдибековдун иштерин карап, анда да айыпталуучулар судья Воронцова мыйзамды тебелеп жатканын айтып жүрүшкөн. Воронцова 2017-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин колунан "Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген юристи" наамын алды. Ал эми талапкер Айдарбек Алымкуловго "судья кезинде Бишкекте жарандардын батирин компаниялардын бирине мыйзамсыз тартып алып берген" жана "чет элдик жарандын арызынын негизинде НТС телеканалынын мүлктөрүн текшерүүгө мыйзамсыз чечим чыгарган" деген сындар айтылды. Ошентип коомдо нааразычылык жараткан судьялардын президент Сооронбай Жээнбековдун жардамы менен Жогорку Сотко секирүү аракетин парламент токтотуп калды. Жээнбеков адилетсиз соттор тууралуу элдин кулагына жагымдуу сөздөрдү жаадырганы менен, иш жүзүндө адилетсиздикке каршы эч бир аракети дагы, жыйынтыгы дагы көрүнө элек. Эшматтардын ордуна Ташматтар келгени эле болбосо...
КСДП экс-чиновниктер Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун УКМКда суракка алынышы, Бишкек ЖЭБинин тегерегиндеги окуялар боюнча билдирүү жасады.
КСДП ЖЭБди жаӊылоо ишин иликтөөдө депутаттар бир жактуу позицияны карманып, ЖЭБди 386 миллион долларга жаӊылоо иши гана талкууга түшүп, станциядагы авария көӊүл сыртында калды дейт. Авария учурунда ЖЭБди жетектеп турган Нурлан Өмүркул уулу четте калып, КСДПнын мүчөлөрү Салайдин Авазовго, Сапар Исаковго кысым болуп жатканы айтылды. Ошондой эле КСДП Райымбек Матраимов кызматтан алынгандан кийин Бажыдагы коррупцияны иликтөөнүн ордуна Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовго кылмыш иши козголду деп нааразы.
2017-жылы эл оозунда "Ош" бажысынын көмүскө кожоюну" аталып жүргөн Райымбек Матраимов "жетекчиликтин ишениминен кетти" деп кызматтан алынган. Ал эми Мамлекеттик бажынын башына Кубанычбек Кулматов барган. 1,5 айдан кийин Кулматов "Ош" бажысындагы киреше 10 эсе, Борбордук бажынын кирешеси 2 эсе өскөнүн айтып чыкты. Быйыл мартта Алмазбек Атамбаев 2017-жылы Бажыдагы коррупциянын айынан бюджетке 10 миллиард сом түшпөй калганын айтып, "бул тармактагы "серый кардиналдардын" бири "Райым миллион" менин тапшырмам менен иштен алынган" деген. Ушул эле сөздү кийин Сапар Исаков дагы айтты. Жакында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгынан кеткен Кулматов муну "бийлик талап койду, мен аны аткаруудан баш тарттым" деп түшүндүрүп, бирок эмне талап экенин ачыктаган жок.
УКМК, сот, прокуратура, укук коргоо органдарын коррупцияга күнөөлөгөн Сооронбай Жээнбеков Матраимов боюнча сөз кыла элек. Эгер Бажынын кирешеси Матраимов Бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан кеткени үчүн эселеп өсө баштаса, анда ажо экс-президенттин командасы айтып жаткан дооматтарды колдошу керек эле. Тескерисинче, Райымбек Матраимов "иштен мыйзамсыз бошотту" деп Сапар Исаковду сотко берди. Экс-чиновник сот аркылуу кайрадан Бажыдагы кызматына кайтып барууну көздөөдө. Көпчүлүк юристтердин айтымында саясий кызматтагылардын жумуштан алынышын сот карабашы керек эле. Кызматтан кеткенден кийин дароо сотко бербей, 5 айдан кийин гана "ойгонгон" айтылуу бажычынын арызы эми каралып жатканынын сыры - "крышасынын" бийиктигинде болуп жүрбөсүн?..