Эске салсак, 2017-жылы 23-ноябрда Сапар Исаков Райымбек Матраимовду "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына дал келбегени үчүн" деп Бажы кызматынын башчысынын орун басары кызматынан бошоткон.
Өткөн айда экс-президент Алмазбек Атамбаев Райымбек Матраимовду иштен айдоону Сапар Исаковдон суранганын айткан. "Былтыр Бажы кызматындагы коррупциялык схемалардын айынан бюджетке 10 миллиард сом түшпөй калган. Мен Сапар Исаковдон бул тармактагы "серый кардиналдардын" бири "Райым миллионду" иштен айдоону сурангам. Ал аны 23-ноябрда кызматтан алды. Сапар Исаков анын парламенттеги жана прессадагы тарапташтарынын чабуулу астында калды. Эгер сен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кыйкырсаӊ, анда сенин жакындарыӊдын арасында эч кандай "Райым миллиондор" болбошу керек", - деген Атамбаев.