Бүгүн куудул, тамада жана ырчы Борончу Кудайбергенов 52 жашка толду. SUPER.KG порталы куудулду туулган күнү менен куттуктап байланышканда, мейман тосорун билдирди.
"Туулган күнүмдү чоң шаан-шөкөткө айлантып белгилебейм. Дос-туугандарым куттуктап келерин айтышты. Кечинде коноктор менен тынч эле белгилейбиз", - дейт ал.
Борончу Кудайбергенов 1966-жылы 24-майда Жумгал районунда төрөлгөн. 1984-1986-жылдары Чаектеги №26-кесиптик техникалык орто окуу жайында окуган. 1995-жылы Ырыс аттуу айымга үйлөнүп, 2 балалуу болушкан. 2003-жылы Жеке ишкерлерди өнүктүрүү институтуна тапшырып, 2008-жылы бүтүргөн.
Ал 2006-жылы белгилүү куудул Рахман Разыковдун демилгеси менен уюштурулган "Уланып күлкү баяны, сахнада куудулдар жана аялы" деген фестивалында Гран-прини жеңип, Мерседес жеңил автоунаасын утуп алган.
2010-жылы Меккеге барып, зыярат кылып ажы болуп кайткан.
2011-жылы президенттикке талапкерлигин койгонго аракеттенген, бирок БШК Борончу Кудайбергеновдун талапкерлигин коюуга уруксат берген эмес.
Учурда куудул орусиялыктардын "Кривое зеркало" күлкү театрында иштөөгө аракет кылып жатат.
24-майга карата жылнаама.