Бүгүн "тамашоучу" жана актёр Кубанычбек Курманбеков 27 жашка толду. Актёрду туулган күнү менен куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкканда, бүгүн үйүндө кош майрам болорун билдирди.
"Бүгүн биздин үйдө кош майрам. Тактап айтканда, атам экөөбүз бир күндө төрөлгөнбүз. Кечинде жубайым, уулум болуп атамды туулган күнү менен куттуктап барабыз. Негизи туулган күнүмдү салтанаттуу майрам кылгым келбейт", - дейт ал.
Кубанычбек Курманбеков 1991-жылы 25-майда Бишкек шаарындагы Ак-Өргөө конушунда төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Орус Славян университетинин архитектура факультетин бүтүргөн. 2007-жылы "Тамашоунун" босогосун аттаган.
"Бир күнү "Эрмек Нурбаев кыргызча КВНге жигиттерди чакырат" деген жарнаманы окуп калдым. Силер тааныган "тамашоучу" Зияш экөөбүз классташпыз. Ал жигиттин сунушу менен команда түзүп, аны "Ак-Өргө Сity" деп атап, Эрмек байкенин алгачкы чогулушуна барганбыз. Ал жакка дагы бир "Ак-Өргө Сity" деген команда келип калыптыр. Бизге "команданын атын өзгөрткүлө" дешип, кийин өзүбүз окуган №77-мектептин атын таанытуу максатында команданы "KG 77" деп атадык", - деген ал маектеринин биринде. Аталган команда кийин "Ак-Өргө Сity" менен бириккен соң "Ак-Өргө Сity" командасынын атынан чыга баштаган.
Ал "тамашоучу" катары таанылгандан кийин "До+Фа", "Браво", "Пентхаус", "Бир мешок акча", "Понт" жана башка тасмаларда роль жараткан.
2015-жылы Замира аттуу сүйлөшкөн кызына үйлөнүп, түгөйлөр уулдуу болушкан.
Учурда Кубанычбек Курманбеков "Ак-Өргө Сity" студиясында актёр, режиссёр болуп иштейт.
25-майдын жылнаамасы.