ЖЫЛНААМА, 30-МАЙ: "Ливерпуль" командасына жаштыгын арнаган Стивен Жеррард 38 жашка толду


Англиялык футболчу, "Ливерпуль" командасынын мурдагы жарым коргоочусу Стивен Жорж Жеррард 38 жашка толду.

Ал 1980-жылы 30-майда Улуу Британиянын Мерсисайд графствосунун Уистон кыштагында жарык дүйнөгө келген.

Ар бир англиялыктар сыяктуу эле Стивен Жерарддын атасы да футболго кызыккандыктан "Ливерпуль" командасына күйөрмандык кылган. Футболчунун атасы аны "Ливерпулдун" оюнун көрсөтүү үчүн "Энфилд" стадионуна алып барып жүргөн. Бирок 1986-жылы "Ливерпуль" - "Ковентри" беттешинен кийин Жеррарддын жүрөгү кызыл түстүүлөргө толугу менен багынган.

Ал эми ошол учурда "Ливерпулдун" катарына кошулуу үчүн футболду жакшы ойногонду билүү керек болчу. Мындан улам Жеррард алгач "Уистон Жуниорсдо" машыгып баштаган. Үч жыл тынбай мээнет кылгандан кийин анын жөндөмүн байкаган "Ливерпулдун" машыктыруучусу 1989-жылы командага чакырган.

Сегиз жыл тынымсыз машыгуунун натыйжасында 1997-жылы 17 жаштагы Стивен Жеррард "Ливерпулдун" биринчи командасы менен келишим түзөт. "Ливерпулдун" курамында алгачкы ирет оюн талаасына 1998-жылы "Блекбэрн" командасына каршы беттеште алмашууга чыгат. Ал эми команданын негизги курамында УЕФАнын алкагында 1998-жылы 8-декабрда Испаниянын "Сельта" клубу менен болгон оюнда чыккан. Андан кийин таланттуу футболчу Жеррарддын чеберчилигин бүт дүйнө көрө баштаган.

2000-жылы Стивен Жеррард Англия курамасына чакыруу алат. Ал эми 2001-жыл футболчу үчүн эң ийгиликтүү болуп, бир сезондо эле Англия кубогун, Англия Лигасынын кубогун, УЕФАнын кубогун, Англиянын жана Европанын Супер кубогун жеңген.

2003-жылы 23 жашында Стивен Жеррард команданын капитаны болот. Мындан улам бир катар ири клубдардан сунуштар түшкөнүнө карабастан, ал "Ливерпулдун" катарында калган.

2004-жылы "Ливерпулга" машыктыруучу болуп Рафаэль Бенитес келип, команданы өлкө чемпионатын эмес, Чемпиондор Лигасын багынтууга күч жумшайт. Аракет текке кетпей ошол жылы "Ливерпуль" Чемпиондор Лигасынын финалында "Милан" менен кез келип 1-таймда 3:0гө утулат. Тыныгуу учурунда кийим которуучу жайда "You will never walk alone" ("Сен эч качан жалгыз болбойсуң") деген ыр "Ливерпулдун" күйөрмандарынын аткаруусунда угулат. Экинчи бөлүктө кызыл түстүүлөр жанданып, алгач Стивен Жеррард гол киргизсе, андан кийин Владимир Шмицер жана Алонсо гол киргизип, оюн 3:3 эсебинде жыйынтыкталат. Пенальтилер сериясында "Ливерпуль" жеңишке жетип, Европанын эң беделдүү турнири Чемпиондор Лигасын жеңишет.

Бул жеңиштен кийин Жеррард Британия Империясынын орденин алат. Ал эми "Gerrard" деген жазуусу бар футболка сатыкта рекорд койгон.

Стивен Жеррард "Ливерпулдун" курамында 710 беттеш өткөрүп, 186 гол киргизген. Мындан сырткары Англиянын кубогун 2 ирет, Супер кубогун 2 ирет, Чемпиондор Лигасын 1 ирет жана башка көптөгөн жеңиштерге жеткен.

2015-жылы АКШнын "Лос-Анжелес Гэлакси" клубу менен келишим түзүп, 2016-жылы футболдук карьерасын жыйынтыктаган.

Стивен Жеррард Алекс Курран аттуу модель менен баш кошуп, 3 кыз 1 уулдуу болушкан.

Стивен Жеррард май айынын башында Шотландиянын "Рейнжерс" клубу менен 3 жылга келишим түздү. Эми ал аталган командада машыктыруучу болуп эмгектенет.

30-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан