Режиссёр Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы Германияда өтө турган эл аралык фестивалга катышат

Аскар Нуракун уулу режиссёрлук кылган "Киноман" кыска метраждуу тасмасы эл аралык балдар "Mo&Friese" сынагына катышат. Бул тууралуу продюсер Чолпон Идирисова билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган сынак Германиянын Гамбург шаарында 3-июндан 10-июнга чейин өткөрүлөт. Ал эми "Киноман" тасмасы "Айтыш фильм" жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти менен биргеликте тартылган. Тасмада Атай Наамат уулу, Улан Жукенов, Турсун Мамыралиев жана башкалар роль жараткан.

Белгилей кетсек, режиссёр Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы Польшанын Краков шаарында өткөн "Etiuda&Anima" студенттик тасмалардын эл аралык кинофестивалында "Киного болгон сүйүүнү сөз жок чагылдырып берген эң мыкты окуя" деген калыстар тобунун ардактуу дипломуна ээ болгон. Ошондой эле Швецияда өткөн балдар жана жаштар киносунун фестивалына катышкан. Ал эми Түркиянын Кайсери шаарында өткөн фестивалда "Калыстардын атайын белегине" ээ болсо, Грузияда өткөн сынакта биринчи орунду багындырган.

Кинофорум 1998-жылы негизделип, 4 жаштан 14 жашка чейинки балдарга жана жаштарга арналган тасмаларга сынак жарыялап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан