Бүгүн, 31-майда Бишкек шаардык сотунда Канат Исаевдин иши каралат. Буга чейин 24-майда болгон соттук отурумда айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтууга даяр эмес экендигин айтышып, сот отуруму 31-майда саат 9:30да улана турган болгон.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Анын жактоочулары соттун чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко даттанышкан.