super.kg logo

Сот Канат Исаевди 12 жылга эркинен ажыратты

 

Кечээ, 4-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралды. Отурумдун жүрүшүндө жарыш сөз орун алып, айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтышты.
Кийин сот Абдуразак Боромбаев кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып айыпталуучуларга карата чыккан чечимди угузду. Анын чечимине ылайык:

Канат Исаевди мамлекеттик айыптоочулар 303-берененин биринчи бөлүмүнүн негизинде (коррупция) соттон 20 жыл эркинен ажыратууну сураган. Сот ага суралган мөөнөттү амнистияга таяп чейрек мөөнөткө кыскартып, 12 жылга эркинен ажыратты. Ал абакта күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөкчү. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салды.

Ал эми аны менен бирге айыпталып жаткан Мирлан Эсенбеков жана Болот Имамадиевге прокурорлор 18 жыл сураган. Аларга 10 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөө чечими чыгарылды. Сот аларга суралган мөөнөттүн үчтөн бир бөлүгүн кыскартып, сот залынан камакка алууга буюрду. Ал эми Исаев болсо буга чейин эле камакта болгон.

Мындан тышкары башка соттолуучулар Алмаз Сейталиев, Каныбек Аблабеков, Любовь Чудинова жана Бактыбек Асыгалиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу аларга карата ачылган иш токтотулду.

Эскерте кетсек, Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып жатат. Анда Исаевдин тушунда 2009-жылы 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы, шаардын борбордук базарынын жанындагы автобекеттин орду жеке тараптарга соода түйүнүн курууга берилгени соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы 8 гектар жер тилкеси жана жатакана боюнча экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганы маалым болгон. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар Исаевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте 20 жылга эркинен ажыратууну, калган 6 айыпталуучунун да мүлкүн конфискациялап, анын ичинен үчөөнү 9 жылга, экөөнү 18 жылга, бирөөсүн 16 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.


кошулду


 
 Тектеш кабарлар 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(18)
04.01.2018. 23:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
10-10-2017
Соӊку аракети:
22-05-2018 17:20
Жынысы:
Белгисиз
+5
мен кайсы депутат жакшы кайсы депутат жаман билбей калдым...
05.01.2018. 12:47 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
28-11-2017
Соӊку аракети:
19-01-2018 17:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул байкуш эмне деп тийишти болду экен ашага.
ат амбаевтин бир нерсесин билгендер баары камалып атат
Akjolmaga түзөттү 2018-01-05 12:47:49
04.01.2018. 23:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
06-03-2017
Соӊку аракети:
17-09-2018 22:11
Жынысы:
Белгисиз
+13
Туура коррупция, ууру кески, алдамчыларга каршы күрөшүү керек. Бирок сотторубуз адилеттүү болсо дейм. Чын эле күнөөсү барбы камалсын. Күнөөсү жокпу акталсын. Ушундай болуш керек, анан бийликке каршы сүйлөдүбү камалсын, бийликти мактадыбы тайраңдасын болбой. Азыркы бийликте иштегендер этият болуп таза иштегиле кыңыр иш 40 жылда билинет болуп силерда бир убакта темир тор артында калышыңар мүмкүн. Анткени мезгил өтөт, доор алмашат, такка отурган азаматтардын ордуна башкалар келет.
04.01.2018. 23:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
300
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
06-06-2018 22:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кооз жер
0
Кудай тараза.Аялы,баласы бар да((
04.01.2018. 23:46 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
06-04-2018 11:32
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздин соттор жогурку жактын буйругу менен иш жургузуп калган го.
Аша менен Сокем ой зор деп мактап турса,кызматы жогорулайт, жаман десе бутту сразу 10-12 жылга Кетти.
05.01.2018. 00:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
19-08-2016
Соӊку аракети:
05-09-2018 19:01
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анын эми чын жалганын бир озу бир Кудай билет бирок чындап камала турган адамдар бийлике кызмат кылып журушот жыргап ээн эркин... Кыргызстанда жебеген жердин тубундо гана болсо керек
05.01.2018. 00:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
21-11-2017
Соӊку аракети:
22-08-2018 21:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куноосу болсо камалыш керек туура видеодон деле кордукго ясно да баары Бабановта тайын болду ачык эле
05.01.2018. 01:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
17-11-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Камалчулардын көпчүлүгү АШАга Сокеге кошамат кылып жүрөт. Бсш болуп аша өзү камалсын. Аты жок жыты жок партияны аша өзү парламнетке алып келип эми пикири келишпей каматты. Мен ушундай эле түшүнөм.
05.01.2018. 02:50 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
15-01-2018 13:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жоо бетинде
+1
Подстава
05.01.2018. 03:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
19-01-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Людмила Чудиновасы ким болду экен ээ? Менимче Игорь Чудиновтун бирдемеси окшойт
05.01.2018. 05:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
24-12-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 13:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Даааа азыр кимисине ишеништида билбейсин.анысы бунусуна шыбаса бунусу анысына......мейли бул жалган жашоодо ушинтсин эрттен аркы жакта жооп бериш бар
05.01.2018. 06:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
08-05-2012
Соӊку аракети:
19-09-2018 01:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайлапсынар эми кимди камайсынар?
05.01.2018. 07:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
539
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 18:22
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кезекте следующий жанар акаев, мадумаров, бекназаров., кыскасы жалпы 35 болуш керек Сокеш экообуздун санаганыбыз боюнча.
05.01.2018. 09:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
25-09-2012
Соӊку аракети:
19-09-2018 13:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
+2
Соттордун озун соттош керек!!!!!!!! 60-70-жылга
05.01.2018. 09:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
21-04-2016
Соӊку аракети:
17-09-2018 14:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырас эле болуптур Бабановду жандаса ушундай болот. Бабандын XXXX.
Негизи татыктуусу Мадумаров.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-05 10:07:24
05.01.2018. 10:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
15-11-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 14:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким билет балки чын эле коррупцияга жол бергендир билип |кармасам керек же буйрукбу билбейм 12 жыл айтышка оной байкуш ка кыйын эч кимдин башына тушпосун
05.01.2018. 10:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
177
Катталган:
10-09-2017
Соӊку аракети:
07-05-2018 23:44
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бакиевдердин коттедждерин арзан саткандарга мыйзам иштейби
05.01.2018. 12:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызычылыктар ырдап турган жерде, адилеттуулук унчукпай турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: