1-июлдан тартып аткаминерлердин декларациялары текшериле баштайт

1-июлдан баштап жогорку саясий жана башкы администрациялык кызматтарды ээлеген кызмат адамдарынын салык декларациялары текшерилип баштайт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Дамирбек Сагынбаев 31-майда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Ошондой эле аны менен бирге тиешелүү мамлекеттик органдардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясы текшерилет.

"Кылмыш-жаза кодекси менен кызмат адамдары тарабынан кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу жана мыйзамсыз байыгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Аткаминерлердин кирешелерине караганда чыгашалары кыйла ашып түшсө, бул адамдарга карата материалдар прокуратура органдарына алардын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн жиберилет", - деп эскертти Дамирбек Сагынбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
chikeusenov
2018-05-31 16:48:38
силер текшергиче туугандарына откоруп олумуш болуп калышат анан корупционерлердин изин тапайсынарго
+1
nelli
2018-05-31 18:55:06
Байкуш чиновниктердин баары БОМЖ байкуш, жардамга муктаж, уйу жок болуп чыга калышчу эле декларациядан.... Королучу канча БОМЖ иштейт экен чиновниктерде
+1
ikitaidesu
2018-05-31 22:02:22
Бүгүнкү түндөн калбай бүт башка адамдарга өткөрүп беришет...
0
vikidiki
2018-06-01 07:07:51
Коз байламай оюн башталды... бррр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан