"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Айыл чарба министрлиги аймактарда жер семирткичтердин кымбат баада сатылып жатканынын себебин түшүндүрдү

Буга чейин Өзгөн районунун тургуну SUPER.KG'ге кайрылып, райондо жер семирткичтердин баасы Айыл чарба жана мелиорация министрлиги айткан баадан кымбат сатылып жатканын билдирген.

Окурман: "Айыл чарба министри быйыл жер семирткичтердин баасы 20 сомдон ашпайт деп айткан эле. Бирок өткөн жылы 18 сомдон алган азоттук натрий (селитра) жер семирткичин быйыл 22 сомдон алып жатабыз, дүңүнөн, мүшөктөп алсаң 20 сомдон берилет. Аммофос болсо 24 сомго көтөрүлдү", - деп айткан.

Бүгүн, 31-майда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин башчысы Арстан Акматов SUPER.KG'ге жер семирткичтин баасынын кымбат болуп жатышынын себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, бир-эки жуманын аралыгында маселе жөнгө салынып калат.

"Өзбекстандын жер семирткич чыгарган 5-6 заводу бар болсо, анын экөө оңдолуп жатат. Калган заводдордон чыккан жер семирткичтер эл аралык макулдашуулардын негизинде АКШ, Украина, Казакстан жана Ооганстан сыяктуу мамлекеттерге жиберилип жатыптыр. Кыргыз мамлекетиндеги фирмалар дагы жер семирткич алуу үчүн акчаларын апрель айында эле төлөп коюшкан. Бирок "жогорудагы мамлекеттерге жиберилгенден кийин силерге беребиз" деп жатышыптыр. Ошондуктан бир аз тартыштык болуп жатат. Бир-эки жуманын аралыгында чечилип калат. Андан сырткары айрым фирмалар жер семирткичти Орусиядан ташып жатышат. Ал фирмалар жер семирткичти темир жол аркылуу Бишкекке алып келгенден кийин аны башка ишкерлер сатып алып, аймактарга жеткирип жатышат. Бирок ишкерлер Бишкектен 1 килограмм жер семирткичти дүңүнөн 17-19 сомдон сатып алышса, райондордо каалаган баада сатып жатышат. Биз дагы, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги да аларга эч кандай көзөмөл жасай албайт. Анткени бул эркин базар.

Бир аз тартыштык болгондо эле бааны көтөрүп салып жатышат. Биз фирмалардан суранып, арзан саттырып жатсак, ортодогу ишкерлер зыян тарткысы келбей кымбат сатышууда", - деди Акматов.

Департамент башчысы жыл башынан бери чет өлкөдөн 80 миң тоннага жакын жер семирткич алып келингенин кошумчалады. "Бул көрсөткүч 2017-жылдын ушул мезгилиндеги менен бирдей. Бирок Өзбекстандан келип турган дыйкандар жалпы 100 миң тоннадай жер семирткич менен камсыздалып турмак", - деди Акматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
run
2018-06-01 00:43:26
Salam super info. Bizdin nookat rayonu kulatov ail okmotuno selitra ondurgon ishkana achylat dep kuzundo jerin belgilep tosmo mn tosup koygon. Birok dale ish bashtalbady sebebin bilip bere alasyzdarby?
0
admin_superstan
2018-06-01 11:41:47
run,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат.
0
zarlyk2211
2018-06-01 05:44:35
Жер семирткичти өзүбүздө өндүрсөк жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан