Бүгүн КСДП дене тарбия менен спортту өнүктүрүү жолдорун талкуулайт
Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы өлкөдө дене тарбия жана спортту өнүктүрүү маселесин талкуулайт.
Жыйында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов баяндама жасайт.
Чакырылгандар: билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана Улуттук олимпиадалык комитеттин төрагасы Шаршенбек Абдыкеримов.
Аталган тема аяктаган соң ар кандай маселелер каралмакчы.