Президент үч жана андан ашык баланы багып жаткан жарандар үчүн социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн 25 пайызга кемитти

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын максаты салык төлөөчүлөрдүн билим алуу жаатында укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, мектепте, орто кесип жана жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 24 жашка чейинки үч жана андан көп баласы бар салык төлөөчүлөргө балдарын окутуу үчүн социалдык төлөмдөрдүн көлөмү 25 пайызга кемитилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kechirmeni
2018-06-01 08:34:32
тузук тузук бирок жерди алмашканынар чатак болуп кетти го
+13
pyeon hwa
2018-06-01 08:46:24
ХХХХХХХХХ айырмасы жок жепутаттар! Саткыла жеринерди !
+2
kechirmeni
2018-06-01 08:50:48
ата бабаларыбыз канын тогуп сактап бизге берген мурасты биз ар кимге берип атабыз го. Чондор биз силерге ишенип шайлагандан кийин кыргыз элинин таламын талашпайсынарбы а озунордон жогоркулардын таламын талашып местонорду ойлогуча
+5
Nurik1988
2018-06-01 10:58:29
Иштезенер нормально иштегиле келгенинерге жарым жыл болбой атып. Жер сатканга отпой
+5
Gulnyr19
2018-06-02 00:15:19
Президент менен кантип түз байланышса болот жерди неге сатасыңар деген суроону ошол кишиге берели. Супер инфо түз эфирге чакырсаңар сонун болмок көптөгөн суроолор бар бериле турган
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан