Бүгүн, 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Майрамга карата Бишкек шаарында уюштурулган иш-чаралардын тизмеси:
11.00. "Аквапарк Роял Фиш" эс алуу борборунда балдарга арналган майрамдык концерт тартууланат. Дареги: Беш-Күңгөй айылы.
10:00. Эмен паркында балдар майрамы башталат. Майрамда ырчылар, чыгармачыл балдар тобу жана мектеп театрлары келген бөбөктөргө жылмаюу тартуулайт.
10:00 - 15.00. Эмен паркында ЮНИСЕФ жана БУУнун балдар фонду балдарга арналган оюн-зоок программасын тартуулайт.
10:30. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында мектеп окуучулары тарабынан театрлаштырылган оюн-зоок коюлат.
11:00. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында төртүнчү жолу өткөрүлүп жаткан "Жаш талантардын" гала концерти старт алат.
11:00. Биринчи Май районунда балдарга арналган көңүл ачуучу "Европарк" аталышындагы майрамдык салтанат уюштурулат.
12:00. Юг-2 кичи районунда бассейн ачылып, сууга түшүү сезону башталат.
13:00. "Арзу" кафесинде социалдык коргоого алынган балдар үчүн майрам уюштурулуп, иш-чарада балдар оюндары уюштурулуп, келген бөбөктөргө таттуулар таратылат.