Жалал-Абад шаарынын мэрлигине 2 талапкер көрсөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык кеңештин депутаттары билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардын мэрин шайлоо күнү 11-июнга белгиленген.
Шаар башчылыгына талапкер болуп Шайырбек Ташиев жана Мураталы Тагаев көрсөтүлгөн. Шайырбек Ташиев - Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси жана шаардык кеңештин депутаты. Ал эми Мураталы Тагаев учурда шаардык кеңештин төрагасы.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында.