Бүгүн америкалык актриса, режиссёр, сценарист жана фотомодель Анжелина Жоли 43 жашка толду.
Ал 1975-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы 1975-жылы "Үйгө кайтып келүү" аттуу фильминдеги ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган белгилүү актёр Жон Войт, ал эми апасы Марселина Бертран убагында модель болгон. Анжелинанын 2 жашар кезинде ата-энеси ажырашып кетишкен. Ар кандай ушактардан чочулаган апасы Анжелина менен уулу Жеймсти алып, Нью-Йорк шаарына баш калкалап көчүп кетүүгө аргасыз болгон.
Анжелина Жоли 11ге чыкканда үй-бүлөсү менен Лос-Анжелеске көчүп келет. Окуучу кезинде эле актриса болом деген амбициясы болгон. Бирок сырткы келбетим талапка жооп бербейт деп тартына берчү. Модель болууга аракет кылып, бирок жакшы жыйынтыкка жетпегени анын тилегин ташка чапкандай эле болгон. Мындан улам ал өзүнүн денесин учтуу нерселер менен тилген учурлары болгон. Ал маектеринин биринде: "Мен бычактарды коллекция кылчумун. Ал эми бычак менен денемди тилип, кескилигеним мен үчүн терапия болчу", - деген.
Киного алгач агасы Жеймс Хейвендин тасмаларына тартылуудан баштайт. "Хакер" фильминдеги ролу аны аз да болсо коомчулукка таанытат. Ошентип Анжелина "Жорж Уоллес", "Жиа" кинокартиналарында роль жарата баштайт.
Анжелина Жолини баатыр эне десек болот. Ал жолдошу экөө Мэддокс (Камбоджа), Захара (Эфиопия), Пакс Тьен (Вьетнам) деген балдарды багып алышкан. Түгөйлөр 2006-жылы Шайло Нувель аттуу кыздуу болушуп, кызынын туулгандагы алгачкы сүрөтүн "People" журналына 10 миллион долларга сатышкан. 2008-жылы Брэд менен Анжелина Нокс Леон жана Вивьен Маршелин аттуу эгиздүү болушат. Эгиздердин сүрөттөрүн 14 миллион долларга сатышып, түшкөн каражатты кайрымдуулук иштерине жумшашкан. 2015-жылдын январь айында түгөйлөр Сириялык Муса аттуу баланы асырап алышканы белгилүү болгон. Түгөйлөр 2016-жылдын 19-сентябрында расмий түрдө ажырашкан. Буга актёрдун баңгизатына берилип кеткендиги себеп болгондугу айтылып келген.
* 14 жашынан баштап модель болуп иштеген.
* Денесинде 20дан ашык татуировка бар, ал жашоосундагы ар бир маанилүү датаны денесине түшүрүп келет.
* 2001-жылы БУУнун ыктыярдуу элчиси болуп дайындалган. Дүйнөнүн көптөгөн жакыр өлкөлөрүнө барып, качкындар баш калкалаган кооптуу аймактарды кыдырып, жардам көрсөтөт.
* "Ливерпуль" футбол командасына күйөрмандык кылат.
* Бычактын түрлөрүн коллекциялап, эски китептерди чогултат.
* Бир тасма үчүн 20 миллион доллардан ашык гонорар алган («Мистер жана миссис Смит» тасмасы үчүн) үчүнчү актриса. Ага чейин мындай гонорарды Жулия Робертс менен Кэмерон Диас гана алышкан.
* "Алтын глобус" сыйлыгын катары менен үч жолу утуп алган алгачкы актриса.
* 2013-жылы Жоли эмчек рагынын алдын алуу максатында хирургиялык операция жасаткан. Эске салсак, актрисанын апасы, таежеси дал ушул дарттан каза табышкан.
* Брэд Питт 2008-жылы туулган эгиздеринин киндигин өзү кескен.
* Актриса 2009, 2011, 2013-жылдары "Forbes" журналынын версиясы боюнча эң көп акча төлөнгөн актриса деп табылган.
* 2014-жылы Улуу Британиянын канайымы Елизавета II актрисанын гуманитардык ишмердигин, сексуалдык зордук-зомбулукка каршы жүргүзгөн иш-чараларын баалап кавалер айым титулун ыйгарган.
* 2017-жылы АКШнын Вашингтон шаарындагы Жоржтаун университетинде мугалимдик кесипти аркалап, студенттерге дүйнөдөгү тынчтык жана коопсуздук боюнча лекцияларды окуган.
4-июндун жылнаамасы.