ЖЫЛНААМА, 4-ИЮНЬ: "Чыгыштын Моника Беллуччиси" атыккан түркиялык актриса Фахрийе Эвжен 32 жашка толду

"Боз торгой" сериалы аркылуу атагы арткан түркиялык актриса Фахрийе Эвжен бүгүн, 4-июнда 32 жашка толду.

Ал Германиянын Золинген шаарында төрөлгөн. Түркиянын эң сулуу айымдарынын ондугуна кирген актриса үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсү. Апасы черкес, атасынын улуту түрк болгон. Болочок актриса татаал балалыкты башынан өткөргөн. Ал сегизге толгондо Германияда түрктөрдү куугунтуктоо мезгили башталган. Актриса жашаган Золинген шаарында немис улутчулдары түрктөрдү сабап, үйлөрүн өрттөп, Фахрийе Эвжендин үй-бүлөсү дайыма коркунучта жашап, эшикке чыкпай, бекинип жаткан учурлар болгон.

Орто мектепти аяктаган соң Дюссельдорф шаарындагы Генрих Гейне университетинин социология факультетине тапшырат. 19 жашында апасы менен Стамбулга эс алганы келип, кокусунан киного тартылууга сунуш түшүп калат.

Фахрийе Эвжен биринчи жолу 2005-жылы "Эч качан унутпаңыз" тасмасында дебют жасап, режиссёрлордун көзүнө илине баштаган. Андан соң "Күзгү жалбырактар" сериалына тартылып, дал ушул сериалдан атагы чыга баштаган. Аталган сериалга тартылып жүргөн учурда Фахрийе Эвжен Стамбулдагы Босфор университетинде окуган. Тартуу иштерин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн окуусунан академиялык өргүү алууга мажбур болгон. Кийин карьерасын түптөш үчүн Германиядан апасын ээрчитип, Түркияга биротоло көчүп келген.

Фахрийе Эвжен "Кайгы", "Аллах жолунда", "Сеньора Эрика", "Сен менин үйүмсүң", "Боз торгой" жана башка тасмаларда роль жараткан.

2012-жылы түркиялык ырчы жана актёр Өзжан Деңиз менен эки жыл кыз-жигит мамиледе болгон. Жигити менен эки айрым жолго түшкөндөн кийин актриса көпкө чейин депрессиядан чыга албай жүргөн. Басылмалардын бирине берген маегинде актриса: "Менин жашоом "Күзгү жалбырактагы" Нежланын тагдырындай болуп жатат. Үйдө да, тартуу аянтында да абдан оор акыбалдамын. Сүйгөн, ишенген, көнүп калган адамыңдан айрылуу - эң катаал сыноо экен", - деп айтканы бар.

2015-жылы Фахрийе Эвжен жаңы сүйүүсүн табат. Тагыраагы, "Сүйүү сага окшош" мелодрамасында түгөйлөрдүн ролун жараткан Бурак Өзчивит менен Фахрийе Эвжен коомдук жайларда жетелешип, эл көзүнө көрүнө башташат. Бурак Өзчивит өзү продюсерлик кылган "Сүйүү сага окшош" тасмасынын бет ачарында: "Фахрийе экөөбүз башында мамилебизди ачыкка чыгаргыбыз келген эмес. Эл көчөдө жетелешкенибизди көрсө эрте билинип калабы деп чочуладык. Баарын тасманын бет ачарында айталы дегенбиз", - деп мамилелерин ачыкка чыгарган. Бурак "Сүйүү сага окшош" тасмасынын аталышы атайын Фахрийеге ылайыкталып коюлганын билдирген.

Түгөйлөр 2017-жылдын 29-июнунда баш кошуп, үлпөт тоюн Стамбулдагы Саит Халим-Паша тарыхый вилласында өткөргөн. Ага 500 адам чакырылган. Тойдун чыгымын Бурак Өзчивит өзү көтөрүп, 75 миң евро сарпталганы айтылган.

4-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nevestkaa
2018-06-04 18:52:35
Бурактын көкүрөгү бляяк фууу го,жүндүү адам мн жаткан да жагымсыз болсо кк.
0
kubinis.kg
2018-06-06 01:04:04
Nevestkaa,сага жакпаса башка кыздарга жагат болуш керек деп ойлойм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан