Сокулукта аялын жана балдарын сабаган кишиге кылмыш иши козголду

Сокулук районундагы аялын жана балдарын сабап, денелерине залал келтирген 36 жаштагы адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аялын жана балдарын сабады деп кармалган адамга Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин (кыйноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалган адам Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Эске салсак, 4-июнда саат 21:00 чамасында Сокулук райондук ооруканасына 2 жана 5 жаштагы эки бала денесиндеги ар кандай жаракаттары менен түшкөнү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekmaral
2018-06-05 17:50:41
ХХХХХХХ баткенде болгон окуяны чыгарсанар боло силерге качан чыгат экен деп кутуп аткам.

0
admin_superstan
2018-06-05 17:57:44
bekmaral,
Саламатсызбы! Шилтеме менен өтүп, кабарларды окусаңыз болот. https://www.super.kg/kabar/news/234129/
https://www.super.kg/kabar/news/234137/
https://www.super.kg/kabar/news/234191/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан