Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жаңжал Тажик чек арачыларынын жүрүм-турум эрежелерин сактабагандыгынан келип чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 4-июнда саат 17:10 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын футбол талаасы аймагында болгон.
"Тажик чек арачылары аталган аймакта мөмө-жемиш саткан Кыргыз жарандарын кууп башташкан. Мындан улам Тажик чек-арачылары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр-чатак келип чыккан.
Окуя болгон жерге Кыргыз чек арачылары жетип келип, жаңжалды токтотуп калган. Алар Тажик аскерлерине такталбаган аймакта мындай кыймыл-аракеттер мыйзамсыз экендигин айтып, аймактан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Тажик чек арачылары талапты аткаруудан баш тартып, агрессивдүү түрдө уруш чыгарууга аракет кылып, асманды көздөй ок чыгарган. Мындан улам Кыргыз чек арачылары аларды кармашкан.
Окуя болгондон көп өтпөй Кыргыз Республикасынын Лейлек багыты жана Тажик Республикасынын Жаббар-Расул багыты боюнча чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Анда эки тарап териштирүүнү жана жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сүйлөштү. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган Тажик аскерлери тажик тарапка кайтарылды", - деп жазылат билдирүүдө.
Айта кетсек Кыргыз жана Тажик чек арачыларынын ортосунда тирешүү болуп, ок атылганы кабарланган. Бул тууралуу Максат айылынын айыл өкмөт башчысы билдирген эле.