Жыл башынан бери өлкө аймагында 7 миң 981 бала турмуштук оор кырдаалга кабылганы аныкталды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева SUPER.KG порталына билдирди.
"Өлкө боюнча 59 райондо социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жанан балдарды коргоо бөлүмдөрү иш алып барат. Учурда каттоого алынган балдардын 4 миң 729у турмуштук оор кырдаалдан чыгарылган. Анын ичинен 730 бала асыроо үчүн үй-бүлөлөргө берилген. Ал эми 821 бала министрлик тарабынан камкордукка алынып көзөмөлдөнө турган болду. 894 бала балдар мекемелерине жиберилсе, 22 бала убактылуу багып беребиз деген үй-бүлөлөргө берилген. Мындан сырткары туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жок 995 балага күбөлүк берилген", - дейт Кадыралиева.
Ошондой эле ата-энелери чет өлкөгө кетип, туугандарынын колунда тарбияланган балдарга карата зомбулукту алдын алууга багытталган иш-аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.
"Ата-энелер акча табуу үчүн чет өлкөгө же аймактардан шаарга келгенде балдарын туугандарына таштап коюшат. Мындан улам балдарды караган тараптын эч кандай жоопкерчилиги жок болуп, балдар ар кандай зомбулуктарга кабылышууда. Буга кечээ Ысык-Көл обулусунда болуп өткөн окуя мисал болот. Учурда биздин жер-жерлердеги балдарды коргоо бөлүмдөрүбүз документалдык түрдө камкордукка алынуусу үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүүдө".
Балдардын укуктарын бузуу фактысына ыкчам таасир этүү жана балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо максатында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдында "111" номери менен "Балдар үчүн ишеним телефону" иштейт.