Казакстанда менингиттен 12 адам каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз өлкөсүндө абал тынч экенин билдирди

Коңшу Казакстанда менингококк инфекциясы менен жабыркагандардын саны өсүп жатат. Жыл башынан бери аталган дарттан 12 адам каза болгон. Боордош өлкөдө жугуштуу оору күч алып жатканда Кыргыз жергесинде кандай чаралар көрүлөт? Бул суроого мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти SUPER.KG порталына жооп берди.

"Коңшу өлкөдө болуп жаткан жугуштуу ооруларга карата биз эч кандай чара көрбөйбүз. Биринчиден, Казакстанда абал турукташып, жабыркагандар дарыланып, үйлөрүнө чыгарылып баштады. Экинчиден, менингит эпидемиясы кыш жана жаз мезгилдеринде катталат. Мындан улам менингит менен жабыркап калуу мезгили бүткөн. Ошондой эле Кыргыз жергесинде менингит илдети менен жабыркагандар былтыркы жылга салыштырмалуу 2 эсеге азайган", - деп билдирди аталган департаменттен.

Эске салсак, жыл башынан бери Казакстанда менингококк инфекциясы менен жабыркап, каза болгондордун саны 12ге жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tuke8686
2018-06-05 20:09:13
Кудай сактайгор кыргызым ОЗУ озорго жургондо
+3
asman.81
2018-06-05 20:21:43
Казактардын озуно окшоп чек араны тез жабуу керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан