Жалгыз гана Нарын районунда оорукана жок. Бул маселени депутат Алмасбек Акматов Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында көтөрдү. Эл өкүлү мындан улам тез аранын ичинде болгону 60 орундуу оорукана салуу керектигин сунуштады.
"Райондук оорукана буга чейин губернатор жана акимдердин шалаакылыгынан улам жоюлуп кеткен экен. Жакында эл менен жолугушууга барсам, маселени дагы көтөрүштү. Жергиликтүү кеңештин депутаттары, эл өзү дагы мага чейин көтөрүп келген. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Ошондуктан тез арада оорукана салуу боюнча өкмөткө кайрылам. Ага бюджеттен 30 миллион сом талап кылынат", - деди Акматов.
Депутат 40 миңден ашык калкы бар район эли ооруп калса, оорукананын жоктугу өзү чоң көйгөй жаратып жатканын кошумчалады.