"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу ошол күнү спирт ичимдигин ичкени аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бул жол кырсыгы боюнча медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Анда айдоочу ошол күнү спирт ичимдигин ичкени аныкталган. Учурда айдоочу Бишкек шаарындагы №4-ооруканада дарыланууда. Анын баш коргоо чарасы бүгүн, 7-июнда каралат", - деди маалымат катчы.
Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген. Ал эми маркум Сания Шакированын сөөгү 4-июнь күнү Кара-Балта шаарында жерге берилген.