"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын сөөгү жерге берилди

Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылып каза болгон "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын сөөгү жерге берилди. Маркумду жерге берүү зыйнаты бүгүн, 4-июнда Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында өттү. Кырсыктан улам күтүүсүздөн дүйнөдөн кайткан Шакированы акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакындары, достору, замандаштары келип катышты.

Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген.

Белгилей кетсек, Сания Шакирова 2018-жылы 28-марттан 4-апрелге чейин Вьетнамдын Нянчанг шаарында өткөн "Miss Universe Beauty" (Турмуш курган эң сулуу келиндерди аныктоочу дүйнөлүк сынак) эл аралык сынагына катышып, "Missis world" ("Дүйнөнүн сулуу айымы-2018") наамын жеңип алган.


кошулду
Жол кырсыгынан каза тапкан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси жакында турмуш куруу алдында турган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
asil-08
2018-06-04 13:33:05
Жаткан жери жайлуу болсун,топурагы торкоо болсун, караңгы жери жарык болсун оомин
+21
tea23
2018-06-06 10:33:44
asil-08,айтканын келсин туугандарына сабыр берсин оминь
0
tttalant
2018-06-04 13:34:03
Жаткан жери жайлуу болсун арбир адам олум даамын таттучу кудай деп жашайлы....
+11
wwwbaxa
2018-06-04 13:39:24
Кыргызстанда олгондордун саны туулгандардан коп болсо керек ошон учун кобойбойбуз.Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун оомийн.....
+5
i1urp
2018-06-04 13:41:50
Кыргыздын кыздарына сулуук каалайбыз. Бар болгула сак болгула. Кандай гана сулуу айым эле. Ажайып суулу болуп журо бергиле айланайын кыздар.
+9
Muslim_KGstana.
2018-06-04 14:25:00
Инна лилляхи уа инна илайхи роджиун(
+7
kg_sulushka
2018-06-05 04:51:45
Жайы жаннаттан болсун!Мен тушунбодум,башка маалыматтарда машинада Сания Шакирова жана анын жигити анан айдоочу болгон.Айдоочу 1987-ж.А Саниянын жигити 1980-ж д берилген!?А бул жерде 31 жаштагы жургунчу д турат.Ошондо...???
0
portugalia
2018-06-05 10:59:42
Жаратканым бейишин берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан