"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу эки айга камакка алынды

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу эки айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бүгүн, 7-июнда Бишкек шаардык №4-ооруканасынан Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусунун баш коргоо чарасы каралды. Анда айдоочу эки айга камакка алынды. Бирок шектүүгө бүгүн операция жасалгандыктан Ысык-Көл ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына алынып кеткен жок. Ал дагы эки күндөн кийин абалына жараша алынып кетиши мүмкүн", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген. Ал эми маркум Сания Шакированын сөөгү 4-июнь күнү Кара-Балта шаарында жерге берилген. Ысык-Көл ОИИБи тарабынан медициналык экспертизанын жыйынытыгы чыгарылып, анда айдоочу спирт ичимдигин ичкени аныкталган.

"Дүйнөнүн сулуу айымы" кабылган жол кырсыгынын айдоочусу мас абалында болгон
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurhan2702
2018-06-07 17:33:31
Унаасы ушунча талкаланып айдоочусу олбой калганы тан калычтуу .Козубуз мн корбогондон сон эч нерсе деп айталбайбыз . Маркумдун жакындары сабыр тилейбиз
-1
raykray
2018-06-07 20:59:14
Башка жактан окудум болочок куйоосу экен деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан