Депутат: "Саламаттыкты сактоо министрлиги аялдарга майып балдарды төрөбөө керектигин түшүндүрсүн"

"Көпчүлүк аялдар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын күйөөлөрү жок жалгыз чоңойтушууда". Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина айтты.

Эл өкүлү Саламаттыкты сактоо министрлиги аялдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды төрөбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин кошумчалады.

"Мен башка өлкөлөрдү билбейм, бирок биздин эркектер үй-бүлөсүн жана аялын материалдык, физикалык жана башка кыйынчылыктарга жалгыз таштап кетүүдө. Бул долбоорду ишке ашырууга акча каражаты жок деп жатасыздар. Жакында эле мыйзамсыз жолдор менен байыган адамдардын мүлктөрү камакка алынып, мамлекетке өткөрүлдү го. Эмнеге ошол каражаттарды ушул тармакка багыттаганга болбосун?" - деди Карамушкина.

Бүгүн парламентте "Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Маалыматка караганда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды баккан адамдарга айына 4900 сом акы төлөө сунушталууда. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 370 миллион сом каражат керектелет.

Демилгечи депутаттар: Мирлан Бакиров менен Дастан Жумабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
uli1234
2018-06-07 19:41:37
Карамушкина атамбай кетип уну чыкпай калды элего.
+2
newman
2018-06-07 19:49:42
Аборт кыл дегени турабы бул? Антип айткын келип аткан болсо тапкан экенсиң. Инвалид болсода жашаганга акысы бар!!! Андан көрө "жөөн жүргөндү" үйрөтүү керек
+7
ikitaidesu
2018-06-07 19:54:07
Мээси жок эшектер соо балдарды майып кылып жатышат го. Ошолорго катуу чара колдонсун! Эненин курсагындагы наристени ким билсин майып экенин? Үй бүлөсүн таштап койгон, кор кылган эркектерди жазага тартсын...
+14
Malik92
2018-06-07 19:56:05
Карамушкина айым,тушундуруу иштерин бир гана аялдарга эмес,эр соройлорго,кайын журтуна да жургузуш керек.Себеби бизде келинди кулдай корушот.Келиндин боюнда болуп,талгагын тоюп кандыра албайт,себеби сен эле туйусунбу деп кайын журту жаман корот.Эр сорой озун жоопкерчиликтуу эч качан сезбейт.Келинге оор жумуш жасатышат.Дегеле жазсан соз коп.
+16
Luna15
2018-06-07 20:11:51
Артистго,тушунот элем ушуну эркек депутат айтса,аял башы мн кантип суйлоду,бир жараткан билет кандай бала торолот,а балким ичтен соонун осуп торот убагында туурамес чыгып же б.у.с.торолуп майып болсочу,ой жок ушуларда
+4
Dalil
2018-06-07 20:25:49
Акылы башта эмес чөнтөктө болуп, депутаттык мандат алгандар ушинтип дөөрүй берет же кааласа барып каалабаса барбай, барса да артта уктайт. Жогорку окуу жайда да жакшы окубай же көп сабактан калгандарды окуудан чыгарат. Анан эмнеге 5 жыл депутат болуп бир да мыйзам жазбаган сессияга жарытылуу катышпаган, уялгандар, ойду тоону сүйлөгөндөр мандатынан ажыратылбайт?
+2
aiza16
2018-06-07 21:32:54
бул депутат ушунчалык билими томонбу. эл окулу боло туруп суйлоордон алдын маалымат окуп албайбы алдын ала. жакындале колдо ятрогенный остеомиелит болду окшойт жаш балдар. же менин балам дцп болот деп билбейт да алдын ала
+1
arena2014
2018-06-08 02:28:02
Элестеткиле кош бойлууларга барып майып бала торобо деп тушундуруп жатканын). Бул ХХХХХХХХХХ!!!
+1
shahlet
2018-06-08 04:15:14
Мындай балдарды багып остуруп жаткан энелер кучтуу. Алардын эмгегин $, еврого баалаш керек. Бизде башка тармактарда $, евролорду айтышатко. Эми бул жерде болгону сом учун ошончолук тополонбу?
+1
ma2as
2018-06-08 12:48:57
Туура эле айтып жатат . Алдын алып текшерулуу дген мааниде айтып жатат. Учет кош бойлуу учурунда , скрининг анализдер бар алдына ала биле турган . Эгерде 5 айга чеин эненин ичиндеги баланын майыптыгы билинсе медицинский показание менен алдырып койсо болот . Намыстанып тороп алып , ал баланы кор кылгыча . Энеси кыйналат и бала кыйналат . А то биздин убагыбызда корунбой эле тороп алганбыз деп , уйундогулор жонотушпой коет , торогучо текшерилбей .
+3
Sultanim
2018-06-09 00:59:53
ma2as,аборт чоң күнөө.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан