Украинада коррупцияга каршы сот түзүлөт. Кыргыз оппозиционери "бизге да мындай сот керек" дейт

Украинада коррупцияга каршы сот түзүлөт. Буга байланышкан мыйзам долбоорун Жогорку Рада 7-июндагы жыйында экинчи окууда колдоого алды. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, мыйзам долбоорун парламенттеги 450 депутаттын ичинен 315 депутат колдоп берген. Жогорку Раданын төрагасы Андрей Парубийдин белгилешинче, аталган мыйзам долбоорун колдоо менен Украина парламентти эң татаал чечимдерди чыгара ала турган жана реформа жасоочу аянт экенин далилдегенин айтты.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков да Кыргыз жеринде Коррупцияга каршы тергөө, Коррупцияга каршы сот түзүүнү демилгелөөдө. Жээнбековдун белгилешинче, бул туңгуюктан чыгуу, адилеттүү тергөө, адилеттүү жана ачык сот болушу үчүн Коррупцияга каршы тергөө жана Коррупцияга каршы сот түзүү зарыл.

"Күнөөсүз адам түрмөгө отурганча, күнөөлүү адамдын камалбай калганы жакшы. Ооба, бул талкуу жарата турган эл аралык юридикалык пикир. Мына Атамбаевке кызмат кылган УКМК эми Атамбаевдин тегерегиндегилерди камоодо. Атамбаевге кызмат кылган соттор эми Атамбаевдин тегерегин соттойт. Бул институционалдык деградация, конфликт", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2018-06-10 12:01:25
Эмнеге каршы сот тузсонор дагы ак иштебесе анын толку жок,акчасы барлар любой путь менен жаап чыгып кете берет.Жон эле 20-30 адамды шайлап аларга да очойтуп акча тологондун эмне кереги бар?Азыркы соттор коз каранды болбой акыйкат иштесе ошондо жылыш болот!
+6
surgeon777
2018-06-10 12:40:48
Башка соттор эле катуу иштесе жетмек,антикоррупционный сот тузулсо эле коррупционерлерлерди четинен эле жетелеп келип турмого киргизе бере тургандай коруп жатышат.Королу Украинада кандай иштешээрин..
+1
maks.kgz
2018-06-10 15:54:08
Украинадан мисал алгыча аман эле болгула аткаминерлер
-1
jbolotov
2018-06-11 10:03:49
Бийлике таза адам келбесе андан пацда жок. Атамбаев коррупцияга каршы курошом деп АКС деп жаны кызмат ачты эле эмне озгорду? Тетирисинче коррупцияны гулдотуп мамлекетти карызга толтуруп залогко берип озу алжып мас болуп кетип калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан