Бүгүн, 13-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кезектеги аракет... Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга киришти. Ушул тапта долбоордун техника-экономикалык негиздемеси даярдалып жатканы айтылды. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов долбоорго бюджеттен 1 тыйын кетпесин, баарын сынакта (тендер эмес) жеӊген компания бүтүрүп, акчасын кийин жол эрежесин бузган айдоочулар төлөгөн айып пулдардын эсебинен өндүрүп аларын айтат.
Статистикага таянсак, 2018-жылдын 5 айында жол кырсыгынан 221 адам каза болсо, 2 миӊ 809 адам жаракат алды. Жылына орточо 1 миӊ адам автокырсыктан каза болууда.
Кыргыз өкмөтү "Коопсуз шаарды" 6 жылдан бери ишке ашыра албай жатат. Аракет 2012-жылы старт алып, биринчи тендер 2013-жылы өткөн. Бирок тендерде мыйзам бузулду деп сот анын жыйынтыгын жокко чыгарды. Экинчи тендер 2014-жылы өтүп, "Стилсофт Бишкек" компаниясы жеӊүүчү деп табылган. Бирок ал кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаев тендерде мыйзам бузулганын айтып документке кол коюудан баш тарткан. Ал эми Турганбаевдин ал кездеги орун басары, тендердик комиссияга төрагалык кылган Курсан Асанов тендерде эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтып чыккан. Мындан улам Турганбаевге "тендерде жеке кызыкчылыгы бар" деген сындар айтылды. Жакында эле депутат Ирина Карамушкина "Коопсуз шаарды" үзгүлтүккө учураткан Турганбаев жазасыз калып кеткенин эскертти. 2017-жылы Сапар Исаковдун өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууга киришти. Айырмасы - "Акылдуу шаардын" алкагында көчөгө көп функциялуу видеокамералар коюлуп, алар бир гана жол эрежесин бузган айдоочуларды тартпай, адамды жүзүнөн таануу системи да иштей баштамак. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз өкмөтү менен Кытайдын "Huawei" компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөн. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларына, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата трассаларына, Бишкек - "Манас" аэропорту жолуна видеокамералар коюлууга тийиш эле. Буга жумшалчу 60 миллион долларды Кыргыз тарап 5 жыл ичинде жол эрежесин бузуудан түшкөн акчанын эсебинен төлөп бермек. Бирок быйыл жазда өкмөт "Huawei" талаптарды аткарбаганын айтып келишимден чыгып кетти. Башка инвестор табууга Исаков жетишкен жок. Азыркы өкмөт ишке ашырууга киришкен "Коопсуз шаар" - көп функциялуу "Акылдуу шаардын" 1 гана компоненти. Өкмөт жеӊүүчү компания тендер эмес, сынак аркылуу тандаларын, Бишкекке алгачкы камералар күзүндө коюлуп баштаарын айтууда. Быйылча Ош шаарына, негизги трассаларга видеокамера орнотуу планда жок. "Коопсуз шаарды" Казакстан менен Тажикстан саналуу айларда ишке киргизишкен. Кыргыз өлкөсү 6 жылдан кийин эски планга кайра кайтты. Бүгүн Абылгазиевдин өкмөтү Сапар Исаковдун көп тармактуу "Акылдуу шаар" долбоорунун 1 бөлүгүн ишке ашырмакчы. Убагында Ошто Мелис Мырзакматов куруп баштаган 365 метрлик эстакадалык көпүрөнү кийинки мэр Айтмамат Кадырбаев кыскартып, 265 метр кылып бүтүргөн сыӊары. Бул арада жарандар жол кырсыгынан согуштагыдай эле кырылууда. "Коопсуз шаар" ишке ашырылып, көчөдөгү кырсыктар менен кылмыштар азайып, тармактагы коррупция тыйыла баштаса, өкмөт бийликтен эле эмес, коомчулуктан да колдоо тапмак...
Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевдин ишин сотто кайра кароодон баш тартты. Себеби Текебаевдин жактоочулары "жаӊы ачылган жагдай" деген фактыларды Башкы прокуратура негиздүү эмес деп тапты.
Өткөн айда жактоочулары Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча жаӊы 5 жагдай табылды деп чыгышкан. Алардын бири - сотто күбө Алексей Модин "2010-жылы Текебаев менен ушул бөлмөдө жолугушканбыз" деп көрсөткөн өкмөт үйүндөгү 306-кабинетке тийиштүү. Соттук процессте Текебаев өзү жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 2010-жылы Модин көрсөткөн кабинет Текебаевдики болбогонун айтышты. Жакында президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси Туруспек Коёналиев 306-кабинетте чын эле Текебаев отурбаганын ырастады. Жаңы ачылган жагдай – сот ишти кароо учурунда, чечим кабыл алууда сотко белгисиз болгон, кылмыштуулукту жана жазаны жокко чыгаруу боюнча мааниге ээ жагдайлар. Ал эми 306-кабинет - Текебаев менен Чотоновдун ишин караган соттор жатка билген маалымат. Айтор, прокуратура Текебаевдин жактоочулары айткан жагдайларды караган жок. 2017-жылы Текебаев "мени камасаӊар, Атамбаев бийликтен кеткенден кийин кол чабуулар менен чыгам" деген эле. Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев Текебаевге ырайым кылып түрмөдөн чыгарууну суранып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Бирок Текебаев президенттин ырайымы менен эркиндикке чыкпай турганын айтып, сот аркылуу акталып чыгышы керектигин эскертти. Бирок Башкы прокуратура Текебаевдин бул "кыялын" орундатууга жол берген жок...