Өкмөт "Акылдуу шаар" долбоору боюнча келишимден чыкты

Кыргыз Республикасынын өкмөтү "Акылдуу шаар" инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгына байланыштуу келишимден чыгууну чечти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тараптар бир катар техникалык маселелер боюнча, атап айтканда, долбоордун мындан ары өнүгүүсүн чектеген маселелер боюнча макулдашууга келген эмес. "Азыркы тапта, долбоордун өлкө үчүн артыкчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун эл аралык долбоорлор жана бизнес сектордун колдоосунда өз күчү менен ишке ашырууну чечти", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, "Акылдуу шаар" долбоорун Кытайдын "Huawei Technologies Co.Ltd." компаниясы ишке ашырмак. Бул долбоор милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кылып, жол кырсыктарын азайтууга багытталган. Муну менен катар террордук жана криминалдык коркунучту алдын алуусу керек. Долбоордун алкагында Бишкек жана Ош шаарларына, стратегиялык мааниси бар жолдорго видеокөзөмөл камералары орнотулушу керек болчу.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан