Премьер-министр мигранттар 2017-жылы өлкөгө канча акча которгонун айтты

Былтыр мигранттар өлкөгө 2,4 миллиард доллар которгон. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин 14-июндагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Өкмөт башчы мигранттар которгон каражат 2016-жылкы көрсөткүчтөн 20 пайызга көп экенин кошумчалады. “2017-жылы мигранттардан 2,4 миллиард доллар которулду. 2016-жылга салыштырмалуу 20 пайызга көбөйдү. "Манас", "Ош" аэропортун модернизациялоого 1,1 миллиард сом каражат жумшалды. Чек арадагы 4 пунктту реконструкциялоого 144 миллион сом каржыланды. Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду тарабынан 822 долбоорду колдоого 311 миллион доллар каражат бөлүндү.

Былтыр 3 миң 339 өзгөчө кырдаал катталды. Өрттөрдүн чыгымы 1 миллиард сомду түздү. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен 65 миң 500 камсыздандыруу келишими түзүлгөн. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 6 эсе көп”, - деди Абылгазиев.

Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2017-жылдагы иштери боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отчёт берүүдө. Жыйындын жүрүшүн онлайн түрдө ушул шилтемеден окуп турсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ady-88
2018-06-14 14:21:25
Мигранттын акчасын эсептегенге эле кыйынсынар.
+13
Jelezo
2018-06-14 14:37:38
Мигрантардын көйгөйүн чечкенге мамлекет бир сом жумшаган жок ал эми экс президент жашаганга жаңы хан сарай салып берди ошондон көрө бир айылга мектеп куруп берсе жакшы болмок
+6
Nurik1988
2018-06-14 15:11:14
Силер биронун акчасын эсептешти, башка олкодон карыз алышты эле билесинер тилемчиге окшоп, башка эчтеке кыла албайсынар жада калса эшектин тушосун чече албайсынар. Ушуга чейин коргон эмесмин бир нерсе Кыргызстандын пайдасына чечилгенин.
+6
Nurik1988
2018-06-14 15:12:00
Тактыга бир жакшы адам келип жегенинерди кустурса экен Оомин
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан