Бишкек шаарына отургузулган 9 миң сомдук көчөттөр соолуй баштады (фоторепортаж)

Борбор калаанын Чүй кең көчөсүндө жайгашкан "1000 түркүн" дүкөнүнүн алдына тигилген көчөттөрдүн көбү соолуй баштады. Буга аталган аймактан өтүп бараткан ар бир адам күбө боло алат.

Бишкек шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Болот Абдыжапаров көчөттөр куурай баштаганын тастыктап, куураган көчөттөр жакын арада алмаштырыларын билдирди. Айтымында, бул көчөттөрдүн ар бири 4 миң сомдон 9 миң сомго чейин сатып алынган.

"Келишим боюнча көчөттөрдү алып келген "Арт Грин", "АГТ Азия" жана "Зиар Строй" компаниялары 12 ай бою көчөттөрдүн өсүшүн көзөмөлдөп, куурап калган көчөттөрдү акысыз алмаштырышат. "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы агрономдор менен биргеликте Масалиев көчөсүндөгү Айтматов проспектисинен Ала-Арча суусуна чейинки аралыктагы өсүп жаткан жаш көчөттөргѳ мониторинг жүргүздү. Анын жыйынтыгы менен куураган көчөттөр компания тарабынан алмаштырылууда, жакында "Миң түркүн" дүкөнүнүн алдындагы көчөттөр дагы алмаштырылат", - деди маалымат катчы.

Айта кетсек, шаар ичин жашылдандыруу максатында "Жашылдандыруу" ишканасы чет өлкөдөн 13 миллион 763 миң сомго көчөттүн алты түрүн сатып алган. Көчөттөрдүн 1 түбүнүн баасы 9 миң сомго чейин жете тургандыгы маалымдалган.

Ушул жылдын 28-майында 9 миң сомдон сатып алынган көчөттөр боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "коммерциялык же башка уюмдардын кызыкчылыктарын кыянаттык менен пайдалануу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштаган.

Жалпысынан 2017-жылдын күз айларынан баштап "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы тарабынан шаардын ар кайсы жерине 2 миң 875 көчөт отургузулуп, анын ичинен көбүрөөгү Масалиев көчөсүнө (Түштүк магистраль) тигилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
toktor89
2018-06-14 17:49:50
Айтмакчы жинди талдан отору жок даже кичинекей чырпагын комсон да чыга берет
Астанада 2014 жылы болдум обычный тал эгишиптир жаны салынган мечитке жакын жашачумун баардык жагы тал эгишкен. Талды кыйып салсан каалаган жагынан чыга берет ошондуктан жинди тал дейт
+4
bayanis
2018-06-14 17:58:04
ошол кочотту алмаштырбай ордуна мердин командасы менен алпарып эгип койгула!!! саратанда ыссык жеп куурап калсын кочотко кошулуп.
+4
Daak9091
2018-06-14 18:02:10
Кой болду эми алмаштырбай эле койсун алмаштырдык деп кайра бир кочотко 20минден кармап албасын
+6
TalaCSKA
2018-06-14 18:13:08
Баары жалбырак алып соонун осуп жаткан анан эле тегиз бирдей куурап баштаганы кумон санатат.ким уу сеп атайылап олтурсо ошол акмак ушул кочоттордой болуп соолуп калсын !бирок баары бир 9000 мин бул аяабай эле кымбат!
+3
Nevestkaa
2018-06-14 18:22:02
Ошондон көрө базардан эле жаш көчөттөн эгип суу берип жакшы караса 90%көктөп кетмек.Жаман сөз айтсаң улуу күндө күнөө болсо,сөз деле жок буларга.Эл болсо кыйналды иш жок айлык аз ,мамлекет карызга батты,бул ары жоктор акчаны асманга чачканын койбоду.
+4
senchi
2018-06-14 18:32:48
Бир талдын акчасына бир айлык акча алышат айыл жеринде.
+2
Baatirbek81
2018-06-14 19:49:03
Бул меер сөрөйдү көчөгүнү эле камап салыш керек болчу!элдин баарынын нерфин коротпой.андан кийин анан кустуруш керек суу бербей кууратып.
+3
Omurbek998
2018-06-14 20:06:17
Кызыл болуп сонун корунот булар жазында же кузундо ачылса керек еле
+1
shahlet
2018-06-14 20:26:41
ушул кочоттор жонундо соз болсо эле,биздин шаарда да башкача бир кочот тигилген ошонун баасы канча болду экен деп кызыгып калам.
-1
Hacker99
2018-06-14 20:43:26
150 сомдук кочотту, 9000 сом дединби? Жегениндин баарын эп коруп, Карапайым эл журо берет дединби? Ишене берет дединби? Куйутуно чыдабай Ош-базар куйуп кеттиби? Эми эми жебейм дейсинби? Кыргызстанды общий жейсинби? Дагы деле тойбойм дейсинби?
+1
talaa11
2018-06-14 22:15:56
Бул эмне деген шумдук жайдын саратанында кочот тиксе болобу?
+1
Aiba__95
2018-06-15 03:18:27
Рейка осуп чыгыш кк болчу...
0
Fakt
2018-06-15 04:00:47
Албек дровосекке бергиле уйуно алпарып отун кылып жаксын
+1
Aima94
2018-06-15 04:19:58
Жанылыктарды окуп кереги жок,комментарийлер эле өлтүрөт
+2
uli1234
2018-06-15 21:31:06
Бул мээр уялбайт экенда бетида калың экен, бугун элдин алдына уялбай чыгып суйлоду кыйратып койгондой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан