Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде гүлбакча ачылды. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, "Жашылдандыруу" ишканасынын жумушчулары 1 миң 890 метр квадрат аянтка гүлдөрдүн түрүн жана бактарды отургузган. Жалпысынан липанын 13 көчөтүн, 20 ийне жалбырактуу бак, 24 бадал отургузулган. Ошондой эле бир жылдык гүлдөн 5 жарым миң түп тигилген. Мындан тышкары гүлбакча тосмо менен курчалган. Анда отургучтар, таштанды таштоочу урналар жана видеобайкоо орнотулган. Ал эми кичинекей эс алуучулар үчүн оюн аянтчасы дагы каралган.
Гүлбакчадагы көчөттөрдү өз убагында сугарып туруу үчүн себелетип жана тамчылатып сугаруу системи орнотулган.