Бүгүн, 14-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар эки тараптуу мүнөздөгү актуалдуу маселелерди жана ЕАЭБдин алкагында кызматташтыкты талкуулашты.
Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, 14-июндан 15-июлга чейин Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ийгиликтүү өтүшүн каалады.