Таң эрте катарга тизилген эл, кечиримдүүлүккө, сабырдуулукка чакырган баяндар. Бишкектеги Айт намаздан фоторепортаж

Бүгүн, 15-июнда өлкөдө Орозо айт майрамында Айт намазы окулду. Шаар тургундары эски аянтка таңкы саат 05:30да келе баштады. Милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, ар бир жаранды атайын жабдуу менен дыкат текшерип жатты.

Намаз башталганга чейин эле эл аянтка батпай, көчөлөрдөн орун ала башташты. Намазга жыгылуу саат 07:30да башталды. Бул убакка чейин дин аалымдары баян айтышты. Саат 07:15те Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков алгач президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун окуп берип, андан кийин өзүнүн атынан сүйлөдү. Андан соң шаар башчысы Албек Ибраимов сөз сүйлөп, муфтий Максатбек Токтомушев баян айтып, элди кечиримдүү болууга чакырды.

"Бирөөнүн укугун тебелеп жашабайлы, бирөөгө жамандык кылбай жашайлы, жылдын калган 11 айында дагы Орозо айында жашагандай жашайлы. Сабырдуу, кечиримдүү бололу", - деди муфтий.

Аянтка батпагандар бактын арасы, жолдорго чейин тизилип намазга жыгылышты.
Айт намаз саат 08:01де аяктап, намазга келгендер бири-бирин куттукташты. Алдыңкы катардагылар муфтий менен кол алышып учурашты.

Аянтка орто эсеп менен алганда 30 миңден ашык адам келди. 1 жарым миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту көзөмөлдөштү.

Айт намазын окуу үчүн 30 миңдей адам эски аянтка агылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
evidens
2018-06-15 10:48:21
Машаллах.Айтыныз маарек болсун урматту Кыргыз элим, жалпы мусулман бир туугандарым.Аллахым окуган намазыныздарды жана орозонуздарды кабыл кылган болсун.Аллахым ар бир уйго тынчтык, береке,ыйман жана жакшылыктарды ыроолосун,оорулууларга ден соолук,баласыздарга бала,жубайы жокторго эки дуйнолук бактылуулукту берсин.Кыргыз элим тынч болсун.Сапарда жургон мигрант бир туугандарды эсен аман эл жерибизге барышыбызды насип кыл.Оомийн!!!
+13
Zainidin96
2018-06-15 11:49:29
evidens,Оомийн
+8
salihalady
2018-06-15 12:35:24
evidens,Айтканың келсин,оомиин!
+7
Safiya91
2018-06-15 10:55:12
Жалпы Кыргыз элим орозо айт майрамынар куттуу болсун! Аллахым орозо айтында арзуу кылган максаттарынарды, тилеген тилегинерди, ниеттеринерди кабыл кылган болсун.
+12
Zainidin96
2018-06-15 11:48:20
Айтыныздар мубарак болсун,Жараткан билип билбей кетирген куноолорубузду кечирсин ИншАллах
+8
kilim
2018-06-15 13:40:10
Айтыныздар маарек болсун
+6
Snejana
2018-06-15 18:44:31
Дрондун жардамы менен дагы суротко тартып койсо, сонун болмок экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан