ЖЫЛНААМА, 15-ИЮНЬ: "Туулган күнүмдү Дүйнө чемпиондугун көрүү менен өткөрөм" дейт режиссёр Сүйүн Откеев

Белгилүү режиссёр жана продюсер Cүйүн Откеев бүгүн, 15-июнда 38 жашка толду. SUPER.KG порталы киножаратуучуну туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.

"Бүгүнкү күндү туулган күнүмө келген куттуктоолорду окуу менен өткөрүп жатам. Жубайым менен кыздарым айылга кеткен. Туулган күнүмдү кечинде футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун көрүп өткөрөм", - дейт ал.

Сүйүн Откеев 1980-жылы 15-июнда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Октябрь айылында төрөлгөн. 1986-жылы Макаренко мектебине окууга бара баштаган. 1993-жылы Кыргыз-түрк балдар лицейине тапшырган. 1997-жылы окууну аяктап, Ош технологиялык университетине "байланыш түйүндөр жана коммуникация системалары" адистигине тапшырган. Бир жыл өткөн соң Германияда Лемго шаарындагы университетине тапшырып медиа продакшн факультетинде 10 жыл окуган.

Алгач клипмейкер катары Ильяз Абдыразаковдун "Жаным, ай", Султан Садыралиевдин "Кыргыз бийи", Каныкейдин "Көпөлөк" жана бир топ клиптерди тарткан. Андан кийин кыска метраждуу "Соолуган карек" аттуу тасмасын тарткан. 2012-жылы “Сен эмне кылмаксың?” тасмасы менен кыргыз кино тармагында алгачкы дебютун жасаган. Андан тышкары “Миллиондук мелдеш”, "Миллиондук мелдеш 2”, “Көпөлөк”, “Мегатой”, "Мегатой 2. Калың" толук метраждуу тасмаларын тарткан.
Мындан 12 жыл мурда Наргиза аттуу айымга үйлөнгөн. Түгөйлөр Айлин, Назик жана Сумая деген 3 кызды тарбиялап келишет.
15-июнга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан