Бүгүн, 15-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Орозо айт намазын Бишкек шаарындагы мечиттердин биринен окуду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн Кыргыз мамлекетинде Орозо айт майрамы белгиленүүдө. Бишкек шаарында, ар бир облус борборлорунда, райондордо, ири мечиттерде айт намазы окулду. Борбор калаада айт намазы эски аянтта өттү. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго сөз берилди, ал алгач өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун жалпы кыргыз элине болгон куттуктоосун окуп, парламенттин атынан да элди Орозо айт майрамы менен куттуктады.