Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун, Бешкент, Кулунду айыл аймактарында нөшөрлөгөн катуу жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, сел кечээ, 14-июнда болжол менен таңкы саат 7:30да болгон.
"Маргун айыл аймагынын Дархум айылында 2 сайдан сел жүрүп, ички жолдорду жууп кеткен. Азыркы учурда каттам калыбына келтирилди. Ал эми Бешкент айыл аймагынын Эски-Оочу, Кайрагач, Бешкент айылдарынан сел жүрүп, Эски-Оочу айылындагы 4 үйдү сел каптап, 5 үйдүн чарбалык курулуштарына, огородуна сел каптаган. Кулунду айыл аймагында Интернациональ, Кулунду, Раззаков, Ак-Арык айылдарында сел жүрүп, Интернациональ айылында 3 үйгө, Раззаков айылында 3 үй, 6 чарба курулуштарын сел каптаган. Ички жолдор бузулган", - деди администрациядан.
Учурда ӨКМнын кызматкерлери менен биргеликте зыяндар такталууда.