Ноокатта чогуу иштеген адамга бычак сайган 19 жаштагы кыз 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ноокат райондук соту тарабынан 1-июнь күнү айыпталуучу Д.О.Н. Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазасын соттолгон аялдардын абагында өтөөсү көрсөтүлгөн. Өкүм күчүнө киргенге чейин бөгөт коюу чарасы камакта бойдон калтырылган.
Эске салсак, Ноокатта 19 жаштагы кыз чогуу иштеген адамга бычак сайып, жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Кылмышка шектелип кармалган Д.О. аттуу кыз Ноокаттагы кафеде официант болуп иштеген. Ал эми жабырлануучу 23 жаштагы Т.Д. Мирмахмудов айылынын тургуну болгон. Окуя болгон күнү кылмышка шектүү менен жабырлануучу жигиттин ортосунда пикир келишпестиктер чыккан. Мындан улам кыз жигиттин көкүрөгүнүн оң тушуна бычак сайып жиберген.