Көзү тирүү кезинде эле легендага айланган белгилүү музыкант, ырчы Виктор Цой 1962-жылы 21-июнда жарык дүйнөгө келген Ленинград (азыркы Санкт-Петербургда) шаарында туулган. Атасы казак жараны, корей улутундагы, инженер Роберт Цой анын музыкага болгон кызыгуусун арттырып 5-класс кезинде гитара сатып берип, анда кол ойнотууну үйрөткөн. Апасы Валентина Цой дене тарбия мугалими болгон.
Кыска өмүрүндө чыгармачылыктын бардык тармактарында өзүн сынап көрүүгө жетишкен рок ырчысы Виктор сүрөт тартып, чыгарма жаратып, ырдагандан тышкары киного тартылууга да үлгүргөн. Ал тартылган "Конец каникула”, “Асса”, “Игла”, “Последний герой” аттуу фильмдер совет доорунда КМШ өлкөлөрүнө кеңири тарап, ырчыга болуп көрбөгөндөй атактуулук алып келген.

Тасмада тартылуудагы анын бир өзгөчөлүгү кайсы тасма болбосун өзүн гана ойногон. Сүрөт тартуу жагынан таланттуу бала 8-классты аяктагандан кийин өз каалоосу менен көркөм сүрөт орто окуу жайына тапшырган. Бирок бир жылдан кийин окуудагы жетишпегендиктери үчүн айдалып кеткен. Виктор Цой
Максим Пашков менен биргеликте "Палата №6" тобун түзгөн. 1979-жылы №61-кесиптик техникалык орто окуу жайынын токой кесүүчүлүк тармагына тапшырган. Бул кесиби боюнча 1982-жылы ишке орношуп, бирок ошол учурда эле ырчылык талантын такшалтып, “Гарин Гиперболоиды”, “Кино” аттуу музыкалык топторун түзүүгө жетишкен. Ырчынын алгачкы “Кино” аттуу альбому, андан соң “Камчатки” альбому да жарык көргөн.

“Ночь”, “Это не любовь”, “Звезда по имени солнце”, “Группа крови” аттуу Цойдун альбомдору эң популярдуу болуп, дүйнө жүзүнө тараган.

Ырчынын жараткан ар бири ыры өзгөчө маанини камтып өз учурунун актуалдуу маселелерин чагылдырып турган.

Виктор Цой 28 жаш курагында 1990-жылы 15-августта эртең мененки саат 6ларда автокырсыктан каза болгон. Москвич-2141 үлгүсүндөгү машинасын саатына 130 чакырым ылдамдык менен айдап бараткан жеринен Икарус автобусу менен кагышкан жана ошол жерден эле ырчы каза болгон.