Бүгүн "Көк салкын" кинокомедиясында башкы ролду аткарып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган актёр, "тамашоучу" Бакыт Тынайбеков 28 жашка чыкты. Актёрду бүгүнкү туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду: "Туулган күнүм менен алгачкылардан болуп силер куттуктадыңар. Бүгүнкү күн кадимки күндөрдөй эле өтүп жатат. Жеке иштерим менен шаардын четинде жүргөндүктөн өздүк майрамымды өткөрүү деле планым жок. Бул жакта телефон аркылуу байланышуу начар болгондуктан келген куттуктоолорду кабыл алууга мүмкүнчүлүк болбой жатат".

Бакыт Тынайбековдун "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринен үзүндүлөр:
- "Кыздын ролун жаратып калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сунуш түштү, макулдугумду бердим. "Көк салкындагы" Бакулянын образын жаратууда тартуучу топко эч нерседен тартынбаган, тайманбагандай түр көрсөткөнүм менен, ичимде кадимкидей коркуу, уялуу сезими болгон. Тасма көпчүлүккө жагып, алгылыктуу пикирлерге ээ болгондон кийин мындай ойлор өзүнөн өзү жоголуп кетти. Ошентип кыздын ролун ойноодо такыр кыйналган жокмун. Бирок нарындык жигит болсом да, тескерисинче, атка минген, кызга окшоп чуркаган кадрлар абдан түйшүк жаратты. Буттарым жооруп, белим ооруксунуп, ошондо өмүрүмдө биринчи жолу катуу чарчадым. Кино элге жайылгандан кийин көчөдө жөн баса албай калдым. "Көк салкындагы» бала» деп баары эле колу менен көрсөтүп, досторум Бакыт атымды унутуп, Бакуля деп калышкан".
- "Актёрдук мен үчүн кесип эмес, жөн гана хобби. Ал менин жашоомдо 3-4-орунду ээлейт. Өз кесибим менен иштөө, үй-бүлө куруу деген нерселер андан өйдөрөөк турат. Кол бошосо тартылып коём, бошобосо жок, киного тартылбай калдым деп трагедия кылбайм".
- "Мага кара чачтуу кыздар жагат. Капкара болгон чачын көрсөм, кадимкидей делебем козголуп кетет. Мага деле сулуу кыздар жагат. Мисалы, мага жаккан кыз бардык досторума жагат. Ал эми досторума жаккан кыздар мага жакпай калышы мүмкүн. Сулуу кыздарды тандоодо табитим мыкты".

Актёр Бакыт Тынайбеков 1990-жылы 27-июнда Нарын шаарында туулган. Алгач "тамашоучу" катары белгилүү болгон. Нарын шаарында окуп жүргөндө "Нарынский вариант" командасы менен Евгений Акопяндын оюнуна катышып жүрүп, кийин "Тамашоу" ачылып, "Нарынский вариант" командасы "Саяктар" болуп өзгөртүлгөн. "Саяктар" чемпион аталгандан кийин "Тамашоудон" кетишкен. Кийин Бакыт Тынайбеков жарнамалык түрмөктөргө тартылып, "Көк салкын", тасмасында актёрлук карьерасын баштаган. Андан соң "Сүйөм дечи", "Жыйырмадагы чал-кемпир", "Көк салкын 2" тасмаларына тартылган.
27-июнга карата жылнаама.