ЖЫЛНААМА, 30-ИЮНЬ: Индиянын "Келин" сериалындагы кичинекей Ананди 21 жашка толду

Индиянын "Келин" сериалындагы кичинекей Ананди эсиңиздеби?! Дал ушул сериал аркылуу көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ болгон таланттуу актриса Авика Гор бүгүн 21 жашка толду. Ал 1997-жылы 30-июнда Индиянын Мумбай шаарында туулган.Авиканын "визиттик карточкасы" – Анандинин ролу. Долбоордон кеткенинен бери канча убакыт өтсө да, эл аны Ананди катары тааныйт. Ролу тууралуу Авика Гор: "Мен башында 80 гана серияга катышмакмын, бирок эл менин аткаруума аябай кызыккан үчүн 515 серияда роль ойнодум. Бул менин карьерамдагы жетишкендик деп билем".

Учурда Авика окуудан сырткары сууда сүзүү менен машыгып, фильмдерде роль жаратып келет. 2015-жылы ал Казакстандын Астана шаарына келип, карды биринчи жолу көрүп таӊ калганын жашырган эмес.

30-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sara30
2018-06-30 02:03:35
Ушул сериал жакты эле.Аягына чейин кайдан тапсам болот?Менин да бугун туулган кунум.Туулган кунубуз мн Ананди
+4
aziza2018
2018-06-30 03:09:47
Sara30, туулган кунунуз менен!!
+2
aziza2018
2018-06-30 03:10:36
Sara30, google га жазсаныз чыгат толугу менен. туулган кунунуз менен!!!!)))
+2
Fortuna1987
2018-06-30 09:09:56
Менин синдим ушул Анандиге аябай окшош.
+2
kechirmeni
2018-06-30 09:58:06
байкуш кайсы сериасына койбо ыйлай эле берет го :)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан