Иван Ракитич Хорватияны чейрек финалга чыгарды. 3 пенальтини кайтарган Каспер Шмейхель жеңилип калды

2-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычы уланат. Анда "Төмөнкү Новгород" стадионунда Хорватия-Дания командалары чейрек финалга чыгуу үчүн күч сынашат. Беттештин башкы калысы аргентиналык Нестор Питана болмокчу.

Буга чейин чейрек финалга Франция, Уругвай жана Орусия курамалары өткөн.

23:48. Хорватия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Даниел Субашич ("Монако", Франция).
  • Коргоочулар: Домагой Вида ("Бешикташ", Түркия), Иван Стринич ("Сампдория", Италия), Деян Ловрен ("Ливерпуль", Англия), Шиме Врсалько ("Атлетико", Испания).
  • Жарым коргоочулар: Лука Модрич ("Реал Мадрид", Испания), Иван Ракитич ("Барселона", Испания), Марцело Брозович ("Интер", Италия)
  • Чабуулчулар: Марио Манжукич ("Ювентус", Италия), Иван Перишич ("Интер", Италия), Никола Калинич ("Милан", Италия), Анте Ребич ("Айнтрахт", Германия).
  • Башкы машыктыруучу: Анте Чачич, Златко Далич (Хорватия).

23:50. Дания курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Каспер Шмейхель ("Лестер" Англия).
  • Коргоочулар: Кристенсен ("Челси", Англия), Хенрик Далсгор ("Брентфорд", Англия), Йонас Кнудсен("Ипсвич", Англия), Матиас Йоргенсен ("Хаддерсфилд Таун", Англия), Симон Кьер ("Севилья", Испания);
  • Жарым коргоочулар: Кристиан Эриксен ("Тоттенхэм", Англия), Дамьен Делейни ("Вердер", Германия).
  • Чабуулчулар: Андреас Корнелиус ("Аталанта", Италия), Мартин Брайтвайт ("Бордо", Франция), Юссуф Поульсен ("РБ Лейпциг", Германия).
  • Башкы машыктыруучу: Оге Харейде (Норвегия).

23:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Хорватиянын гимни жаңырат.

23:56. Даниянын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.

00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш башталды.

00:01. Г-о-о-о-л! Эсеп 0:1. Алгачкы мүнөттөрдөн Дания курамасы алыскы аралыктан сокку узатып дарбазачыга тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.

00:03.Го-о-о-л! Марио Манжукич айып аянтчанын ичинен топту алып, таамай сокку менен эсепти тең кылды. Эсеп 1:1

00:05. Хорватия курамасы топко ээлик кылып, чабуулун улантууда.

00:07. Шиме Врсалько айып аянтчага чыгарып берүү жасаган, бирок өнөктөштөрү бул топко жеткен жок.

00:09. Матиас Йоргенсен эреже бузуп, Хорватия кооптуу айып сокку аткарат.

00:10. Иван Перишич кубаттуу соккусу менен коргоочуларга тийип, топ оюн талаасынан чыгып кетти. Хорватия топту бурчтан чыгарат.

00:11. Лука Модрич аткарган бурчтан чыгаруу ийгиликсиз болду. Топко хорватиялыктар жетпей калды.

00:15. 15 мүнөттүк беттештин жүрүшүндө Хорватия курамасы топко 60 пайыз көзөмөл кылууда.

00:17. Хорватиялыктар позициялык чабуулдарды аткарса, Дания курамасы контр-чабуулдар менен ойноодо.

00:18. Перешич сол канаттан айып аянтчага кирип келип сокку узатканга үлгүрдү. Бирок соккуну коргоочулар тосуп калды.

00:19. Соккулар боюнча статистикада 4:1 эсеби менен Хорватия курамасы алдыда.

00:22. Кристиан Эриксен алыстан сокку узатып, анын соккусун коргоочу тосуп калды.

00:25. Мартин Брайтвайт айып аянтчага кирип келип, кооптуу абал жаратты. 4 метр аралыктан узаткан соккусун Субашич кайтарганга жетишти.

00:27. Шмейхель Иван Перишич алыстан узаткан соккуну кайтарып, андан соң Ребичтин соккусун кайтарганга жетишти.

00:29. Андреас Корнелиус айып аянтчанын ичинен ага узатылган топко жетишпей калды. Топ коргоочу оюн талаасынан чыгарып салды.

00:32. Иван Стринич атаандашынын коргоочусу менен түртүшүп, айып аянтчага кирип келген. Бирок калыс эреже бузууну байкап чабуулду токтотту.

00:35. Ракитичке каршы оюн эрежеси бузулуп, Хорватия чабуулун улантат.

00:36. Кайрадан хорватиялык футболчуга каршы оюн эрежеси бузулду. Модрич айып соккуну аткарат.

00:37. Модрич айып аянтчага топту чыгарып берген. Аны Ловрен башы менен дарбазага багыттап, бирок таамай боло албай калды.

00:38. Топко көзөмөл кылуу боюнча көрсөткүч: Хорватия - 58 пайыз, Дания - 42 пайыз.

00:41. Эриксен абалды курчутуп, айып аянтчага топту көтөрүп берди, бирок ага өнөктөштөрү жетпей калды.

00:42. Иван Ракитич айып аянтчанын сыртынан өнөктөшүнүн чыгарып берүүсүн дароо соккуга айлантты. Топ таамай барып, аны Шмейхель тосуп алды.

00:43. Манжукич медициналык жардам алып, оюн убактылуу токтоп калды.

00:45. 1-таймдын негизги убактысы аяктап, калыс 1 мүнөт кошуп берди.

00:46. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.

01:02. Калыс 2-таймга старт берди.

01:03. Дания курамасында алмаштыруу орун алды. Анда Лассе Шоне Андреас Кристенсендин ордуна оюнга кошулду.

01:06. Марио Манжукин офсайд абалында болуп, калыс хорватиянын кооптуу чабуулун токтотту.

01:10. Хорватиялыктар атаандашын жогорку кысымга алып, чабуулга чыкканга мүмкүнчүлүк бербей жатат.

01:12. Мартин Брайтвайт айып аянтчадан топту алып, сокку узатты. Анын соккусу бир топ таамай болбой калды.

01:15. Беттештин ылдамдыгы бир топ жайлап, командалар кооптуу абалдарды жаратпай жатышат.

01:18. Дания курамасы кыска пас алмашуу аркылуу чабуулга чыгууда.

01:21. Анте Ребич мыкты сокку узатып, коргоочулар аны араң кайтарганга үлгүрдү.

01:22. Дания курамасында алмаштыруу орун алды. Николай Йоргенсен Андреас Корнелиустун ордуна оюнга кошулду.

01:27. Хорватия курамасында алмаштыруу орун алды. Марцело Брозович оюн талаасынан кетип, оюнга Златко Далич кошулду.

01:28. Даниянын оюнчулары атаандашынын айып аянтчасына кирип келип, Николай Йоргенсен топту тосуп, дароо сокку узатты. Бирок Субашич топту тосуп алганга жетишти.

01:33. Лука Модрич алыскы аралыктан сокку узатып, бирок таамай болбой калды. Топ дарбазадан алыс өттү.

01:36. Хорватия курамасы оюнчу алмаштырды. Йосип Пиварич жаракат алып калган Иван Стриничтин ордуна чыкты.

01:38. Оюн убактылуу токтотулду. Матео Ковачич атаандашы менен топ талашууда жыгылып, жеңил жаракат алып калды.

01:40. Иван Перишич айып аянтчага көтөрүлгөн топту дароо дарбазага багыттап таамай болбой калды. Топ дарбазадан бир аз жогору өттү.

01:43. Лассе Шоне алыскы аралыктан сокку узатып таамай болбой калды.

01:47. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 3 мүнөт кошуп берди.

01:48. Ракитич айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, бирок таамай болбой калды.

01:49. Беттештин акыркы мүнөтүндө Дания курамасы топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып, аны менен ийгиликтүү колдоно албай калды.

01:50. Калыстын ышкырыгы жаңырып, командалар кошумча 2 таймда күч сынашат.

01:56. Калыс 1-кошумча таймга старт берди.

01:58. Йоргенсендин айып аянтчанын сыртынан узаткан соккусу коргоочуларга тийип оюн талаасынан чыгып кетти. Даниялыктар чабуулун улантмакчы.

02:00. Кнудсен айып аянтчага кирип келип өнөктөштөрүнө топту чыгарып берүү аракетин көргөн, бирок топ коргоочуга тийип оюн талаасынан чыгып кетти.

02:01. Даниялыктар топту бурчтан чыгарып, аны ийгиликтүү колдоно алган жок.

02:02. Хорватиялыктар оюнчусун алмаштырды. Андрей Крамарич Иван Перишичтин ордуна чыкты.

02:03. Дания курамасында дагы алмаштыруу орун алды. Микаэль Крон-Дели оюн талаасына Томас Делэйнинин ордуна чыкты.

02:05. Соккулар боюнча статистикага көңүл бурсак, Хорватия 18 сокку узатса, Дания 13 сокку узатканга үлгүргөн.

02:12. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-кошумча тайм жыйынтыкталды.

02:15. Командалар бир аз эс алып, 2-кошумча тайм старт алды.

02:16. Дания курамасы алмаштыруу аткарды. Мартин Брайтвайттын ордуна Пионе Систо чыкты.

02:17. Систо айып аянтчанын сол бурчунан сокку узатып, сокку бир аз таамай болбой калды. Топ хорватиялыктарда.

02:18. Хорватия курамасында дагы алмаштыруу өткөрүлдү. Марио Манжукичти Милан Бадель алмаштырды.

02:24. Даниянын дарбазасына пенальти аткарылат. Йоргенсен Анте Ребичти айып аянтчанын ичинен эреже бузуу менен токтотуп, калыс 11 метрлик сокку узатуу мүмкүнчүлүгүн хорватиялыктарга берди. Матиас Йоргенсен сары айып кагазы менен белгиленди.

02:25. Пенальтини Модрич аткарат.

02:26. Лука Модричтин соккусун Каспер Шмейхель тосуп алганга жетишип командасын сактап калды.

02:31. Калыстын ышкырыгы жаңырып, командалар жеңүүчүнү пенальтилер сериясында аныктайт.

02:34. Пенальтилер сериясын Дания курамасы баштайт.

02:35. Эриксендин соккусу дарбазадагы штангага тийип калды.

02:36. Каспер Шмейхель дагы бир жолу пенальтини кайтарды. Соккуну Милан Бадель аткарган.

02:37. Симон Кьер кубаттуу сокку менен командасынын алгачкы голун киргизди. Эсеп 1:0

02:38 Крамарич гол киргизип эсепти 1:1 кылды.

02:39. Фрон-Дели дарбазанын сол бурчуна багыттап эсепти 2:1 кылды.

02:40. Лука Модрич бул ирет голду киргизди. Эсеп 2:2.

02:41. Лассе Шоненин соккусун Субашич тосуп алды. Эсеп 2:2.

02:42. Каспер Шмейхель 3-пенальтини кайтара алды. Бул соккуну Стринич аткарган.

02:43. Йоргенсендин соккусун Субашич кайтара алды. Эсеп дагы эле 2:2.

02:44. Ракитич пенальтини мыкты аткарып, командасына жеңиш алып келди.

02:45. Бул жеңиш менен Хорватия чейрек финалга чыгып, анда Орусия курамасы менен беттешет.

Хорватия-Дания
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
rysik79
2018-07-02 00:03:31
Хорваттар талкалайт да Россиядан утулат..
+2
Nanei
2018-07-02 00:16:16
Мына футбол деп ущуну айт,Россия испания эн кызыксыз оюн болду
-1
Adilet2014
2018-07-02 00:49:18
Онлайн кайсы сайттан корсо болот
-3
Modric10
2018-07-02 01:35:12
дагы пенальти коробузбу
-1
Adilet2014
2018-07-02 01:46:04
Пенальти болот го но оюн анча кызыбай жатат
0
bond02
2018-07-02 01:49:11
Модрич жайлайт.
0
Kukuwa
2018-07-02 02:50:42
Хорваттар утат го ушул орустарды , жестко ойношту!!!!
-4
Dembele84
2018-07-02 03:01:00
Эки команданын тен вратарлары кучтуу экен,Россия-Хорватия оюну ото кызыктуу болгудай!
+4
monster_high_98
2018-07-02 09:12:33
Россияга эмне эле жан тартып жатасынар, иштеп журсонор башка мигранттар катары эле иштеп журосунор, же эмне ии ушул кыргыздар Росиияга куйорман болуп жатышат деп ишинерге женилдик берип, зарплатаны которуп бердиби,..... Россия женилсе Кыргызстанга эчкандай зыяны тийбейт, пайдасы дагы
-7
Pchelka85
2018-07-02 10:16:56
monster_high_98, мигрант болгон учун эле болеть этишет деген оюнуз жаман экен.. бильейм мен чын конулум менен Россия утса экен деп атам... хотя бы алдынкы 3 командага кирсе.. жакшы эле болот..
-4
AKCAHAT
2018-07-02 13:11:40
monster_high_98, Негизи туура айттынар, омурундо футбол корбогону футболдун ф сын тушунбой туруп Россияны колдоп жатышты.Бул тушунуктуу эле корунуш.Россия эн алсыз командалардан болчу, орустар оздору шокто оздору жадакалса плейоффко чыгуусуна ишеним жок эле. Бирок патриотизм,ар намыс туртку болду окшойт.
-1
Pchelka85
2018-07-02 13:28:53
AKCAHAT, ооба Россия алсыз команда болчу ал убакта тренер да состав да башка болчу. Казыркы состав менен мурунку составды салыштырып кереги жок. Мына фоворит командалардын баары уйлоруно кетип ататышат.. германия коп адам ишенген Германия уйуно кеткенден кийин башкаларын унчукпай эле коюш керек. Футбол командалык оюн. Бир футбол жылдызы командада брлсо это ничего не решает.. муну уже Аргентина, Портулагия Германия далилдеп койду...
-2
Pchelka85
2018-07-02 15:00:15
AKCAHAT, негизи чыныгы куйорман Футболдун озун сындаш керек го, анын куйормандарын эмес...ким ф сын тушунуп куйормандык кылат. Кимиси л сын тушунуп куйормандык кылат ар кимдин оз иши эмеспи ??!!!
+2
Pchelka85
2018-07-02 13:31:44
Россия менен Хорватиянын оюну менимче напряженный и ошол эле убакта кызыктуу болот. Эки команда тен доказали чего ония стоят... эки команданын тен оборонасы абдан кучтуу...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан