Бүгүн, 30-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда плей-офф баскычы старт алат. Анда "Казань Арена" стадионунда Франция-Аргентина беттеши орун алмакчы. Беттештин башкы калысы Алиреза Фагани (Иран) болот.
19:50. Франция курамасынын тизмеси:
19:53. Аргентина курамасынын тизмеси:
19:53 Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Франциянын гимни, андан кийин Аргентинанын гимни жаңырат.
20:00. Калыс ышкырып, беттешке старт берди.
20:01. Беттештин башынан Франция курамасы топко ээлик кылып азырынча чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
20:03. Аргентинанын оюнчусуна каршы эреже бузулду, айып соккуну Месси аткарат.
20:04. Мессинин узаткан соккусу таамай болгон жок, топ франциялыктарда.
20:07. Маскерано эреже бузуп франциялыктар кооптуу айып сокку аткармакчы.
20:08. Айып соккуну Погба аткарып, бир топ таамай болбой калды.
20:11. Аргентиналык коргоочулар Мбаппеге каршы эреже бузуп, калыс пенальти койду.
20:12. Пенальтини Гризманн аткарат.
20:13. Го-о-о-л! Гризманн пенальтини мыкты аткарып эсеп санын ачты. Франко Арманиге тосуп алууга мүмкүнчүлүк калтырган жок.
20:16. Ди Мария чабуулга чыгып, командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
20:18. Аргентинанын айып аянтчасынан айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк берди.
20:19. Айып соккуну Месси аткарып, таамай болбой калды.
20:23. Акыркы мүнөттөрдө Аргентина курамасы чабуулга чыгып, бирок анысы ийгиликтүү болбой жатат.
20:34. Оливье Жиру оюн талаасында жатат, ал медициналык жардамга муктаж болууда.
20:37. Аргентинанын уламдан улам жасаган чабуулдары ийгиликсиз болуп жатат.
20:38. Учурда франциялыктар топко ээлик кылып, тез чабуулга чыкканга аракет кылууда.
20:39. Павон оң канаттан айып аянтчага кирип келип, өнөктөшүнө жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берген. Бирок өнөктөшү жеткен жок.
20:40. Го-о-о-л! Ди Мария алыскы аралыктан сокку узатып таамай болду. Льорис топту тосконго жетишпей калды.
20:42. Маскерано атаандашына каршы орой оюн көрсөтүп, сары айып кагазын алды.
20:44. Погба чабуулга чыгып, Ди Мария менен топ талашта оюн эрежесин бузду.
20:45. 1-таймдын негизги убактысы аягына жетип, калыс 2 мүнөт кошту.
20:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аягына чыкты.
21:03. Беттештин 2-бөлүгү старт алды. Алгачкы мүнөттөрдөн Аргентина курамасында алмаштыруу орун алды. Федерико Фасио Маркос Рохонун ордуна чыкты.
21:04. Павар эреже бузуп, Аргентина айып сокку аткарат.
21:05. Го-о-о-о-л! Мессинин соккусунан кийин Меркадо топтун багытын алмаштырып, топ дарбазага кирди. Эсеп 1:2
21:07. Банега оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазы менен айырмаланды.
21:09. Франция айып соккуну аткарып, ийгиликтүү боло алган жок.
21:13. Антуан Гризманн мыкты мүмкүнчүлүктү колдоно албай калды. Жирунун айып аянтчага чыгарган тобуна Гризманн жептей калып, сокку узатканга жетишпей калды.
21:15. Го-о-о-о-л! Павар айып аянтчанын сыртынан кубаттуу сокку узатып айырмалана алды. Эсепти 2:2 кылды.
21:17. Ди Мария сол канаттан айып аянтчага кирип келүү аракетин көрүп, ийгиликтүү болгон жок.
21:18. Матьюди атаандашына каршы орой ойноп, оюн эрежесин бузду.
21:20. Го-о-о-о-л! Мбаппе айып аянтчанын ичинен таамай жана кубаттуу сокку менен эсеп санын өзгөрттү. Эсеп 3:2.
21:22. Мессиге каршы эреже бузулуп, аргентиналыктар айып сокку аткарат.
21:23. Мессинин узаткан айып соккусу таамай болбой калды. Топко франциялык коргоочулар ээлик кылып кетти.
21:24. Аргентина курамасында алмаштыруу. Серхио Агуэро Энцо Перестин ордуна чыкты.
21:25. Го-о-о-о-л! Мбаппе эсепти 4:2 кылды. Жирунун чыгаруусунан кийин Мбаппе сокку узатып, Армани тосуп алууга үлгүргөн жок.
21:27. Жиру контр-чабуулга чыгып, сокку узатканга жетишти. Бирок айын соккусу таамай болгон жок.
21:28. Блез Матюиди оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазын алды.
21:30. Бенжамин Павар сары айып кагазын алды.
21:32. Аргентина курамасында алмаштыруу. Кристиан Павондун ордуна Максимилиано Меса оюн талаасына чыкты.
21:33. Франция курамасында дагы алмаштыруу орун алды. Корентен Толиссо чыгып Блез Матюиди оюн талаасынан кетти.
21:35. Гризманн айып аянтчага көтөрүлгөн топко жетпей калды. Топто алгач Армани болду.
21:36. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Аргентина - 58 пайыз, Франция - 42 пайыз.
21:38. Месси коргоочулардын көзөмөлүнөн бошотулуп, сокку узатканга жетишти. Бирок топ дароо Льористин колуна туш келди.
21:40. Азыркы маалда Аргентина топко көбүрөөк ээлик кылып, коргоочулардан өтүү аракетин көрүүдө.
21:41. Дидье Дишам оюнчуларын алмаштырды. Антуан Гризманндын ордуна Набил Фекир чыкты.
21:42. Лионель Месси Франциянын дарбазасында кооптуу абал жаратты. Месси коргоочуларды алдап өтүп, сокку узатты. Бирок сокку кубаттуу болбой, дарбазачы тосуп алды.
21:43. Серхио Агуэро айып аянтчадан топту кабыл алып, дароо сокку узатты. Бирок топ коргоочуларга тийип калды.
21:45. Франция курамасында 3-алмаштыруу орун алды. 2 голдун ээси Килиан Мбаппенин ордуна Флориан Товен талаа үстүнө чыкты.
21:48. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 4 мүнөт кошуп берди.
21:49. Го-о-о-о-л! Агуэро Мессинин чыгарып берүүсүн мыкты жыйынтыктап, эсеп санын 4:3 кылды.
21:50. Николас Отаменди жана Оливье Жиру сары айып кагаздары менен белгиленди.
21:52. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш соңуна жетти. Франция курамасы 4:3 эсеби жеңишке жетти.
21:53. Бул жеңиш менен Франция курамасы чейрек финалга чыкты. Анда франциялыктар Уругвай жана Португалия беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.