ЖЫЛНААМА, 3-ИЮЛЬ: "Туулган күнүмдү ата-энем, бир туугандарым менен белгилейм" дейт 31 жашка толгон Курал Чокоев

Бүгүн эстрада ырчысы Курал Чокоев 31 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда, ал ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүндө иштеп жатканын билдирди:

"Бүгүн эртең менен эле Москва шаарынан учуп келдим. Азыркы учурда жеке иштерим менен алектенип жатам. Маанайым абдан сонун. Бүгүн кечке чейин жумуштарымды бүтүрүп, туулган күнүмдү кечинде үйдө ата-энем жана туугандарымдын курчоосунда белгилейм. Ал эми эртең досторум менен өткөрөм деп турган чагым, бирок азырынча кандай өткөрө турганымды ойлоно элекмин. Ал эми чыгармачылыгымда жакшы жаңылыктар бар. Буюрса, жакын арада жакшы чыгармаларды тартуулайын деп жатам. Андан сырткары "Көк бөрү" аттуу ырым менен Түркия мамлекетине фестивалга катышуу алдында турам".

"Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • Үйдө мен 4 бир туугандын улуусумун. 2 иним, карындашым бар. Менден кийинки иним экөөбүз чогуу чоңойдук. Иним аябай жоош болгондуктан, ага баары эле тийише берчү. Мен дагы ага кайдигер мамиле кылып, балдар менен кошулуп шылдыңдап койчумун. Бир жолу таежем "бул сенин бир тууганың, таарынтпай, баарынан коргоп, болушуп, көтөрмөлөп турушуң керек" деп катуу урушкандан тартып бир туугандык сезим ойгонгон. Бир жолу бизден улуураак балага иним экөөбүз тийишип коюп качып баратып иним ага кармалып калды. Ал бала инимди муунтуп киргенде мен ызаланып кетип аны көтөрүп чаап сабап салгам. Ошондо чоң балага алым жетип сабап койгонума таң калгам. Көрсө, жакшы көргөн сезимдин арты менен адамдын чыныгы мүмкүнчүлүктөрү ачылып кетет турбайбы".
  • "Эң ийгиликсиз майрам бул – менин туулган күнүм. Билбейм, негедир туулган күнүм дайыма ойдогудай өтчү эмес. Ошол учурда каржы жагы тартыш болуп калат же башка себептер табылат, айтор, өздүк майрамымды эсте каларлык өткөргөнүм эсимде жок. Өзүм да «эртең менин туулган күнүм» деп жар салганды жаман көрөм. Бирок башкалардын туулган күнүндө куудулданган жагат. Быйылкы туулган күнүм гана башка туулган күндөрдөн айырмаланды окшойт".
  • "Сулуу кыз көргөндө мээм 3-4 секундга токтоп калат, бардык эле мырзалар ушундай болуш керек, катып туруп каласың го. Андан кийин ар кандай ойлор келе баштайт".
  • "Азыр күйөрман кыздардан да күйөрман эжелерден кутулуш кыйын болуп калды (күлүп). Кээде тамаша аралаштырып "биз сени сүйөбүз, чыгармачылыгыңды сыйлайбыз" деп комплимент айтып калышат. Мен деле тамаша айтып кутулуп кетем".

Белгилей кетсек, Курал Чокоев 1987-жылы Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино факультетин аяктап, андан соң Улуттук консерваториянын оркестр факультетине тапшырып, чыгармачылыктагы карьерасын ар түрдүү эл аралык сынактарга катышуу менен баштаган.

"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча Курал Чокоевдин аткаруусундагы "Билип жүр" аттуу ырынын клиби "2012-жылдын супер клиби" наамын алган.
Курал Чокоев учурда бойдок, бир уулдун атасы.
3-июлдун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан