Ысык-Көлдө "Осьминог" кафесин өрттөөгө шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун 2 мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө күйүп кеткен "Осьминог" кафесинин өрттөнүшү боюнча уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 2-бөлүгү (турак жай жана же турак жай эмес жайларды, имараттарды жана курулуштарды өзү билип басып алуу) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада Ысык-Көл облусунун 2 тургуну колго түшкөн. Кармалгандар буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо болгон. Кылмышка шектүүлөр камакка алынган. Ал эми алардын жашаган жерин тинтүү учурунда баңгизаттар жана курал-жарактар табылып, 246-берене (сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн баңгилик каражаттарды же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу жасалгаларды мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул факт кафенин өрттөлүшүнө байланыштуу болгон. Мындан улам кафе ээси Аскат Асанкадыровдун коопсуздугуна коркунуч жаралып жаткандыгы айтылып, ал ИИМдин мамлекеттик коргоо башкармалыгы тарабынан кайтарууга алынган.

"Шектүү Ысык-Көл облусунун тургуну 24 жаштагы Ж.Р. ИИМдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү. Анын үйүн тинтүүгө алганда 5,5 грамм баңгизат табылган. Ал эми анын шериги 23 жаштагы А.Д. Ысык-Көл районунун тургуну. Кафенин өрттөлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү жарандар күйүчүү майды кафеге чачып өрттөп, андан соң алыстан карап турушканы маалым болгон. Учурда окуя боюнча шектүү катары төрт адам каралып жатат. Ал эми кафенин ээсине коркутуу болгону боюнча кармалган адамдардан териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, 7-январь күнү түн ичинде Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Осьминог" кафесин белгисиз адамдар өрттөп кетишкен. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катарында турган Ысык-Көл облусунун эки тургуну кармалган жана алардан баңгизат, курал-жарактар алынган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
medet1983
2018-07-03 13:04:27
Сербейтип сакал коюп алышып творитетип журушуптур да акмактар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан