Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы өрт боюнча соттук экспертиза дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда өрт боюнча экспертиза дайындалды, ал 2-3 күндүн ичинде чыгат. Интернетте өрттөнгөн “Осьминог” кафесин жардырып жиберишти деген маалымат тарап жатат. Алдын-ала экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин бир нерсе айтуу кыйын. Ошентсе да биздеги алдына-ала маалыматтар боюнча кафенин ичинде газ баллондор болгон, ошолор жарылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Андан сырткары өрттөнгөн “Осьминог” кафеси Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылынын 29 жаштагы А.Инаят аттуу тургунуна, 2 коттедж Бостери айылынын тургундарына таандык экенин кошумчалашты.
Айта кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Бостери айылында 2 коттедж, 1 кафе өрттөнүп кеткени тууралуу билдиришкен.